«Президент өлкө үчүн активдүү адамдарды бириктирип, иштеш керек деди». Мындай пикирин депутат Руслан Казакбаев парламент жыйынында айтып, президентке кайрылуу жолдоду.
Ал Сооронбай Жээнбековдун Таласка жасаган сапарында айткан сөзүн эске салып, Өмүрбек Бабановдун маселесин көтөрдү.
«Президент Таласта активдүү адамдарды бириктирип, иштөөгө даяр экенин айтты. Мен анын бул демилгесин колдойм. Президенттик шайлоо өткөнүнө 1 жыл болду. Оппозициядан Жээнбековго атаандаш талапкер катары чыккан Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 34 пайызын алган болчу. Аягында шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, колдоп берди эле. Ал алгачкылардан болуп Сооронбай Жээнбековду куттуктаган. Шайлоодон кийин ден соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Өлкө стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашпады. Президентке өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан бул маселени өз көзөмөлүнө алып, карап берүүсүн суранам», — деди Казакбаев.