ДКО-2018: Медалдардын саны боюнча Казакстан алдыда

Без категории 04 Сен 2018 10:20
0 ой-пикир

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында медалдардын эсеби боюнча Казакстан биринчи орунда.

3-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгына караганда, Казакстан командасында 19 медал бар, анын жетөө алтын. Ал эми экинчи саптагы Кыргызстанда 18 медал бар, анын бешөө алтын.

Үчүнчү орунга он эки медал менен Түркмөнстан чыкты.

Андан кийин Орусия (7 медал, 3 алтын) жана Өзбекстан (12 медал, 2 алтын) турат.

Бүгүн, 4-сентябрда спорт мелдештердин алкагында ат чабыш (80 чакырымга), аркан тартыш, казак күрөшү, таяк тартыш, бүркүт салуу, далба, тайган жарыш, жана жаа атуу (улуттук) боюнча медалдар комплекти ойнотулат.

Ысык-Көлдө 2-сентябрда ачылган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Оюндар Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда өтүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.