ELGEZIT - RSS

Садыр Жапаров: Биргеликте, экономикалык кризисти жеңебиз!
– Садыр Нургожоевич, шайлоого чейин саналуу гана күндөр калды. Чоочулап турасызбы?

– Чынын айтайынбы? Чоочулоо деген жок. Мен биздин даанышман элибизге, анын эркине, духуна жана баарыбыз кабылган кырдаалды түшүнө билерине ишенем! Буга чейин да айткам, дагы бир жолу кайталап коёюн, бардыгыбыздын самаганыбыз бир гана нерсе – Кыргызстаныбыз гүлдөгөн мамлекетке айланып, жашаганга ыңгайлуу, коопсуз өлкө болсо экен тилек.

– Сиз кимди өзүңүздүн башкы оппонентиңиз деп эсептейсиз?

– Президенттик кызматка талапкер болуп жаткандардын баары тең – татыктуу атаандаштар. Алардын бардыгы эле биздин элдин жашоосун жакшы жагына өзгөртсөм деп турган азаматтар. Биздин душманыбыз – экономикалык кризис! Күрөшө турчу нерсе – мына ушул!

Мен, ким жеңиште утуп чыкпасын калгандардын бардыгын ийри отуруп – түз кеңешкенге чогултуу керек деп эсептейм. Ар бирибиздин өзгөчөлүктөрүбүз бар, ортого сала турган туура, пайдалуу кеңештерибиз да бар. Биз, өлкөдөгү саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн саясий ымалага келгенибиз оң. Экономика менен тыгыз алектенсек. Дал ушундай тартипте иштегенибиз зарыл болуп турат. Саясий туруктуулук болбой туруп, экономикалык кризистен чыгууга багытталган иш-аракеттерден түк майнап чыкпайт.

– Конкреттүү айтканда, сиз экономикалык кризистен чыгуунун жолун кандайча көрөсүз?

– Кадрлар аркылуу. Кадрлар гана жарайт. Жаңы президент жөн гана өз ишинин адистерин эмес, мамлекеттик башкарууда да тажрыйбасы бар чыныгы профессионалдардын командасын чогултууга милдеттүү.

Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын опурталдуу, жакшылыкка алып барбаган бир салт орноодо. Бул профессионал кадрларга, башкаруучуларга акаевдики, бакиевдики, атамбаевдики деген жарлыктарды чаптамай өнөкөтү. Аларды ошон үчүн гана кууп чыгуу же өч алуу – эч бир алкакка сыйбайт. Ошентип атып биз мамлекеттик башкаруу системасындагы профессионалдарды гана жоготпой, бүт системанын өзүн талкалап салдык. Бизге азыр ошол кадрлар аба менен суудай керек болуп турат.

Туура, алардын көпчүлүгү ар кайсы долбоорлордо, чет өлкөлөрдө жүрөт, кимдир бирөөлөрү жумушу жок отурат. Биз алардын баарын бир командага чогултуп, өлкөнү кризистен чыгарышыбыз керек. Туура жол – ушул гана!

Саясий жана жеке амбицияларыбызды, жеке кызыкчылыгыбызды четке кагып туруп, бардык көңүлдү биздин башкы душманыбыз – экономикалык кризис менен күрөшүүгө бурган оң.

Жаз да жакындап калды. Кыязы, ал да оор болчудай. Бардык көйгөйлөрдү биз бир-эки айда чечип салабыз, баары ойдогудай сонун боло калат деп айтуу акмачылык. Жок. Андай болбойт! Алдыбызда чоң, олуттуу сыноолор турат. Анын баарын майтаруу үчүн тикебизден тик туруубуз керек.

Кадрлар туурасында кошумчалай кетейин. Ар бир талапкердин командасында биздин элге, өлкөгө бүгүн абдан керек болуп турган профессионалдар бар экенине ишенем. Анын үстүнө алар шайлоо алдындагы кампаниянын алкагында мамлекеттик башкаруудагы жана элдин жашоо турмушундагы эң эле маанилүү жана татаал чөйрөлөрдү иликтеп чыгышты. Ар биринин көз карашы, сунуштары бар. Кризистен чыгуу боюнча ишке мына ушул кадрлар сөзсүз тартылышы зарыл. Алардын бүт сунуштары жана көз караштары талкууга алынып, иштелип чыгылууга тийиш.

– Темадан четтейли, көптөгөн шайлоочулар сизди «жөн эле – Садыр!» – деп коюшат. Бул намысыңызга тийбейби?

– А эмне үчүн бул менин намысыма тийиши керек? Мен эч кимден, мисалы, сизден же башка бирөөлөрдөн, шайлоочулардан, соратниктеримден же Кыргызстандын жарандарынан өйдө эмесмин. Мени Садыр дегиңер келеби, дей бергиле. Эң башкысы, Кыргызстан эли бактылуу болсо болду! Президентти кантип чакыраары маанилүү эмес.

Билесизби, 30 жыл ичинде бийлик элден, реалдуу жашоодон ушунчалык алыстап кеткен экен, биздин терең кризиске батканыбыздын, үч жолу бийликти оодарып түшкөнүбүздүн себеби, так мына ушул болду. Адам – мамлекетке эмес, мамлекет – адамга иштеши керек. Бул жараксыз айлампаны талкалап туруп, биротоло чекит коюуга адамдын, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюуга убакыт жетти!

– Жакшы экен. Мейли, Садыр – президент болду дейли. Андан ары эмне болот? Сиз шайлоо алдындагы кампанияңызда айткан бардык өзгөртүүлөрдү жүргүзө баштаганга чындап эле даярсызбы?

– Менде башка тандоо жок! Ушинтип айтканым туура го!? Мен айткан бардык нерселер бул менин тандоом, менин тагдырым. Мындан башка жолду мен көрбөй турам. Билесизби, Фейсбукта мен ата мекендик укук коргоочу Эржан Сулеймандын: “Биздин Кыргызстандагы балдардын кыялдары сөзсүз орундалат!” – деп айтканына көзүм түшүп калды. Бул абдан туура айтылган, дал ушундай болушу керек. Мен Эржан менен тааныштыгым жок, бирок ал ушул эки ооз сөзү менен менин кыялымды, максатымды, мен кылып жаткан иштин бүткүл маанисин айтып коюптур. Ошондуктан мен үчүн биздин балдардын, жаштарыбыздын өз мекени Кыргызстанда калуусу, абдан чоң турмуштук мааниге ээ. Алар ушул жерде гана кыялданып, анын баары ушул жерде гана ишке ашса экен деп тилейм!

2021-жылдын 08-январда даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Садыр Жапаров: Бүгүн биздин алдыбызда маданий кайра жаралуу милдети турат
«Биз элдин салттуу билимин, каада-салттарын системалаштырабыз жана башатында ар -намыс, абийир жана татыктуулук турган салттуу тарбия институтун кайра калыбына келтиребиз. Мунун баарын заманбап шарттарды эске алуу менен элибиздин турмуш-жашоосуна киргизебиз. Бүткүл дүйнөнү көчмөндөрдүн маданияты менен таң калтыргандай, биз, кыргызстандыктар, дүйнөлүк маданиятта өзүбүздүн татыктуу ордубузду таба алабыз”, — дейт Садыр Жапаров.

Өзүнүн миңдеген жылдык тарыхында кыргыздар бир бийиктиктеп, бирде чачылып, сүрүлүп, өз мамлекетин, каганатын курушкан, ошондой эле башка империялардын курамында да жашоого аргасыз болушкан.

Мезгилдин сыноосуна туруштук бере албаган канчалаган элдер жана маданияттар биротоло жок болуп кетишкен. Бирок кыргыздар сакталып калган. Кыргыздардын сакталып калуусунун бирден бир себеби – алардын өзүлөрүн уюштура алганында.

Мындай жөндөм биринчи кезекте коомдун ички байланышын чыңдай турган жүрүм-турумдун нормаларынан башталат. Бул нормалар элдин түгөнгүс баалуулуктарына негизделген деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун “Келечекке кызмат” программасында айтылат.

“Бүгүн биздин алдыбызда маданий жактан кайра жаралуу милдети турат. Илим жаатында биз “Кыргыз маданияты”, “Кыргыз философиясы”, “Кыргыз дүйнө таанымы” жана “Кыргыз этнопедагогикасы” сыяктуу багыттарды түзүшүбүз керек.

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев бул концепцияны абдан туура жана керектүү багыт катары мүнөздөдү.

“Ар кандай улут жана эл өзүн тарыхы жана маданияты менен таанытат. Биз, Кыргызстан үчүн, батыш илиминин, билим берүүсүнүн жана маданиятынын эң жакшы жактарын алуу менен эл аралык тажрийбаны да пайдалануу маанилүү. Бирок бул жерде биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарга, салттуу көөнө маданиятыбызга, анын ичинде, адабий жана музыкалык маданиятыбызга таянышыбыз керек”, — дейт А.Эркебаев.

Академик белгилегендей, кийинки прогресстин шексиз кепилдиги болуп Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын, этностордун биримдиги эсептелет. “Садыр Нургожоевич Жапаров бекиткен “Кыргыз жаран”улуттук биримдик Концепциясы биз үчүн жаңы импульс болуп берет. Анда биздин өлкөнүн жарандары кайсы улуттан экенине карабай, өзүлөрүнө кыргызстандык улуттук таандуулукту өзүлөрүнө сиңириши керек деп айтылган. Бизди бул жагынан терең түшүнүшүү бар. Бул идеяны ассамблеядагы бардык улуттардын өкүлчүлүктөрү колдойт”, — деп билдирди Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы.

Садыр Жапаровдун платформасында белгиленген маданий кайра жаралуу боюнча милдеттер эчактан бери турмушка ашырууну күтүп жатат, алар Кыргызстандын эли үчүн өзүн өзү сактап калуу жана ийгиликтүү өнүгүү ишинде мааниси чоң дейт  манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев.

“Кыргыздар түпкүлүктүү жана Борбор Азиядагы эң көөнө элдердин бири катары улуттук код катылган өзүлөрүнүн улуттук өзөгүн сактап кала алышкан. Улуттун өзөгү болсо улуттук эс тутумдан улам сакталып калган. Нечен согуштар, коомдук -саясий режимдер кыргыз элинин улуттук өзөгүн сындыра алышкан эмес. Бул кыргыздын улуттук духунун туруктуулугун жана бузулбастыгын айтып турат”, — деп белгиледи Т. Бакчиев.

Илимдин докторунун айтымында, Кыргызстанда кыргыз элинин руханий маданиятынын өзгөчөлүгү туурасында көп айтылганы менен бирок көптөр муну биле бербейт. “Биздин колубузда бүгүнкү күнгө чейин кыргыз эли татыктуу болгон чындыкты анык көрсөткөн материалдар жок. Ошондуктан өзүнүн платформасында Садыр Жапаров “Кыргыз маданияты”, “Кыргыз философиясы”, “Кыргыз дүйнө таанымы” жана “Кыргыз этнопедагогикасы” сыяктуу илимий багыттарды түзүү жана өнүктүрүү туурасында өзүнүн так позициясын билдирди. Бул багыттар кыргыз маданиятынын чыныгы маанисин терең изилдеп чыгып үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

2020-жылдын 23-декабрьда даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Жерүй боюнча сынак мыйзамдуу өттүбү? Талас облусунун тургундарынын ой-пикирлери
Акыркы учурда айрым жарандык активисттер Жерүй боюнча сынак мыйзам чегинде өттүбү деген суроону көтөрүп жатышат. Биз сынакка күбө болгон Талас облусунун карапайым тургундарынын ой-пикирлерин билдик.

Садырбек Оторбаев, Бекмолдо айылынын тургуну, милициянын отставкадагы майору:

— Жерүй боюнча эки сынакта тең, мен күбө болдум десем жаңылбайм.Биринчиси 2013-жылы өткөрүлгөн. Бул премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда болчу.Биринчи сынактын курамына 47 адам кирген. Бекмолдо айыл өкмөтүнөн добуш берүү укугу менен 14 адам,облустан ошол учурдагы  губернатор Койсун Курманалиева,Талас районунан ошол кездеги акими Байрак Сейдибалиев киришкен.Ал баардык массалык маалымат каражаттарына жарыяланган.Бирок ал жерде жалгыз бир эле компания катышып калган.  КРнын жер казынасы мыйзамына ылайык экиден кем эмес катышыш керек болчу да. Шартка туура келбей калгандыктан бул конкурс өтпөй калган.

Экинчи сынак 2014-жылы өттү. Ал учурда премьер-министрликке Жоомарт Оторбаев келген.27-май күнү өкмөттүн токтому чыкты.

Сынак комиссиясында болгону 23 адам гана добуш берүү укугуна ээ болду.Талас облусунун губернатору,Талас районунун акими жана Бекмолдо айыл аймагынан 2 эле адам (айыл өкмөт Токтогул Абдыкадыров менен айылдык  кеңештин төрагасы Орозалиев Кубаткелди) добуш берүү укугуна ээ болуп катышышты.Жалпы облустан 4 адам добуш берүүгө катышкан.Ошол кезде Бекмолдо айыл аймагынан 11 депутатты жана дагы 4 айыл тургунун кошуп  сынакка байкоочу кылып отургузушкан.

Сынакка 3 компания катышкан :»Кыргызалтын» , «Восток-геолдобыча» жана «Алдан Золото”. Биринчи отурум башталганда эле «Алдан Золото» компаниясы катышпай чыгып кетти.Андан кийин «Восток-геолдобыча» менен «Кыргызалтын» өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү.Баардык массалык маалымат каражаттары түз эфирде берип жатышты.»Восток-геолдобыча»өзүнүн презентациясын 45 мүнөт жасап,шарттарын,коопсуздук,экологиялык баардык багыттарын айтып беришти.

«Кыргызалтын» презентациясын 9 мүнөт жасады. Анан эки тарап суроолорго жооп берди. Кийин баллдык система менен упайлар берилди.»Восток-геолдобыча» 405 балл,»Кыргызалтын» 305 балл алды. “Кыргызалтындын” утулгандыгынын негизги себеби каражаты жана экологиялык корутундулары жок болгондугу.

Сынак ачык түрүндө, мыйзам чегинде өттү.

Кубаткелди Орозалиев, Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты:

-Биринчи конкурста айылдык кеңешинин депутаттарынын баары комиссиянын мүчөсү болчубуз. Кийин өкмөттүн токтому чыкканда Бекмолдо айыл кеңешинин төрагасы жана айыл өкмөтүнүн башчысы, Талас районунун акими,Талас облусунун губернатору катышты. Демек, областтан  4 киши катышты.

Ошентип конкурс  таза, ачык айкын өттү , баардыгывидеокамерага тартылды. Бишкекте Экономика министрлигинде өткөн. Биздин делегация ал жакта болду. Акыркы конкурста  3 компания катышты. Конкурс мыйзамдуу түрдө өттү. Ал жерде биз тандаган жокпуз,  балл  берүү система аркылуу тандалды. «Восток-геолдобыча»  жеңүүчү болуп чыкты. Добуш берүүдө жумуш орундар менен камсыз кылуу, экологиялык коопсуздук коңүлгө алынды.

Мен көп эле сынактарга катышкам. Ушул Жерүй боюнча комиссия ачык жана мыйзамдуу болгон. Анан азыр баары салынып иш-чара башталган жатканда ушундацй ызычууну кереги жок деп эсептейм. Талас облусунун көпчүлүк эли ушундай ойдо.

Маектеген Эркинбек Жолчубаев

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Саясий партиялар жана саясатчылар үчүн Elgezit.kg сайтынан уникалдуу сунуш
Биздин сунуштар:

• Шайлоо кампаниясынын анализдөө;

• Шайлоо кампаниясына толугу менен же жарым-жартылай медиа-колдоо көрсөтүү;

• Биздин өнөктөштөр менен, тактап айтканда, 24кг маалыматтык агенттиги менен бирге мыкты маалыматтык маанай жаратуу;

• Маалыматтарды иштеп чыгуу жана жайгаштыруу;

• Партияларды жана саясатчыларды жарнамалоо үчүн журналисттик жана PR-куралдардын баарын колдонуу (макалаларды даярдоо, 24.kg сайтына Elgezit.kg сайтына шилтеме берүү менен программалык маектерди жайгаштыруу. Бул өз кезегинде потенциалдык аудиторияны бир топ эсе көбөйтөт).

• Саясатчылар менен видео-маек уюштуруу, кийин ал видеону текст түрүндө да жазып чыгабыз;

• Саясий программаларды толугу менен жайгаштыруу жана аудиториянын талаптарына ылайык кыскача программаны дагы жарыялоо;

• Имидждик макалаларды жазуу жана даяр макалаларды жарыялоо;

•Иш-чаралардан репортаждар;

• Мультемедиялык продукттар (тесттер, сурамжылоолор, лонгриддер, инфографика, таймлайндар ж.б.);

• Пресс-релиздерди жана үгүт сөздөрүн жазуу, сүрөт жана видео презентацияларды жасоо.

Материалдар “Бизнес-zone” рубрикасына жайгаштырылат.