Садыр Жапаров: Бүгүн биздин алдыбызда маданий кайра жаралуу милдети турат

Бизнес-zone, Выборы 2020, Окуялар тизмеги 23 Дек 2020 16:35
0 ой-пикир

«Биз элдин салттуу билимин, каада-салттарын системалаштырабыз жана башатында ар -намыс, абийир жана татыктуулук турган салттуу тарбия институтун кайра калыбына келтиребиз. Мунун баарын заманбап шарттарды эске алуу менен элибиздин турмуш-жашоосуна киргизебиз. Бүткүл дүйнөнү көчмөндөрдүн маданияты менен таң калтыргандай, биз, кыргызстандыктар, дүйнөлүк маданиятта өзүбүздүн татыктуу ордубузду таба алабыз”, — дейт Садыр Жапаров.  

Өзүнүн миңдеген жылдык тарыхында кыргыздар бир бийиктиктеп, бирде чачылып, сүрүлүп, өз мамлекетин, каганатын курушкан, ошондой эле башка империялардын курамында да жашоого аргасыз болушкан.                                                                                     

Мезгилдин сыноосуна туруштук бере албаган канчалаган элдер жана маданияттар биротоло жок болуп кетишкен. Бирок кыргыздар сакталып калган. Кыргыздардын сакталып калуусунун бирден бир себеби – алардын өзүлөрүн уюштура алганында. 

Мындай жөндөм биринчи кезекте коомдун ички байланышын чыңдай турган жүрүм-турумдун нормаларынан башталат. Бул нормалар элдин түгөнгүс баалуулуктарына негизделген деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун “Келечекке кызмат” программасында айтылат.

“Бүгүн биздин алдыбызда маданий жактан кайра жаралуу милдети турат. Илим жаатында биз “Кыргыз маданияты”, “Кыргыз философиясы”, “Кыргыз дүйнө таанымы” жана “Кыргыз этнопедагогикасы” сыяктуу багыттарды түзүшүбүз керек.

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев бул концепцияны абдан туура жана керектүү багыт катары мүнөздөдү. 

“Ар кандай улут жана эл өзүн тарыхы жана маданияты менен таанытат. Биз, Кыргызстан үчүн, батыш илиминин, билим берүүсүнүн жана маданиятынын эң жакшы жактарын алуу менен эл аралык тажрийбаны да пайдалануу маанилүү. Бирок бул жерде биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарга, салттуу көөнө маданиятыбызга, анын ичинде, адабий жана музыкалык маданиятыбызга таянышыбыз керек”, — дейт А.Эркебаев.

Академик белгилегендей, кийинки прогресстин шексиз кепилдиги болуп Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын, этностордун биримдиги эсептелет. “Садыр Нургожоевич Жапаров бекиткен “Кыргыз жаран”улуттук биримдик Концепциясы биз үчүн жаңы импульс болуп берет. Анда биздин өлкөнүн жарандары кайсы улуттан экенине карабай, өзүлөрүнө кыргызстандык улуттук таандуулукту өзүлөрүнө сиңириши керек деп айтылган. Бизди бул жагынан терең түшүнүшүү бар. Бул идеяны ассамблеядагы бардык улуттардын өкүлчүлүктөрү колдойт”, — деп билдирди Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы.

Садыр Жапаровдун платформасында белгиленген маданий кайра жаралуу боюнча милдеттер эчактан бери турмушка ашырууну күтүп жатат, алар Кыргызстандын эли үчүн өзүн өзү сактап калуу жана ийгиликтүү өнүгүү ишинде мааниси чоң дейт  манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев.

Кыргыздар түпкүлүктүү жана Борбор Азиядагы эң көөнө элдердин бири катары улуттук код катылган өзүлөрүнүн улуттук өзөгүн сактап кала алышкан. Улуттун өзөгү болсо улуттук эс тутумдан улам сакталып калган. Нечен согуштар, коомдук -саясий режимдер кыргыз элинин улуттук өзөгүн сындыра алышкан эмес. Бул кыргыздын улуттук духунун туруктуулугун жана бузулбастыгын айтып турат”, — деп белгиледи Т. Бакчиев.

Илимдин докторунун айтымында, Кыргызстанда кыргыз элинин руханий маданиятынын өзгөчөлүгү туурасында көп айтылганы менен бирок көптөр муну биле бербейт. “Биздин колубузда бүгүнкү күнгө чейин кыргыз эли татыктуу болгон чындыкты анык көрсөткөн материалдар жок. Ошондуктан өзүнүн платформасында Садыр Жапаров “Кыргыз маданияты”, “Кыргыз философиясы”, “Кыргыз дүйнө таанымы” жана “Кыргыз этнопедагогикасы” сыяктуу илимий багыттарды түзүү жана өнүктүрүү туурасында өзүнүн так позициясын билдирди. Бул багыттар кыргыз маданиятынын чыныгы маанисин терең изилдеп чыгып үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

2020-жылдын 23-декабрьда даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.