Жерүй боюнча сынак мыйзамдуу өттүбү? Талас облусунун тургундарынын ой-пикирлери

Аналитика, Бизнес-zone, Окуялар тизмеги, Статьялар 17 Мар 2020 15:29
0 ой-пикир

Акыркы учурда айрым жарандык активисттер Жерүй боюнча сынак мыйзам чегинде өттүбү деген суроону көтөрүп жатышат. Биз сынакка күбө болгон Талас облусунун карапайым тургундарынын ой-пикирлерин билдик.

Садырбек Оторбаев, Бекмолдо айылынын тургуну, милициянын отставкадагы майору:

— Жерүй боюнча эки сынакта тең, мен күбө болдум десем жаңылбайм.Биринчиси 2013-жылы өткөрүлгөн. Бул премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда болчу.Биринчи сынактын курамына 47 адам кирген. Бекмолдо айыл өкмөтүнөн добуш берүү укугу менен 14 адам,облустан ошол учурдагы  губернатор Койсун Курманалиева,Талас районунан ошол кездеги акими Байрак Сейдибалиев киришкен.Ал баардык массалык маалымат каражаттарына жарыяланган.Бирок ал жерде жалгыз бир эле компания катышып калган.  КРнын жер казынасы мыйзамына ылайык экиден кем эмес катышыш керек болчу да. Шартка туура келбей калгандыктан бул конкурс өтпөй калган.

Экинчи сынак 2014-жылы өттү. Ал учурда премьер-министрликке Жоомарт Оторбаев келген.27-май күнү өкмөттүн токтому чыкты.

Сынак комиссиясында болгону 23 адам гана добуш берүү укугуна ээ болду.Талас облусунун губернатору,Талас районунун акими жана Бекмолдо айыл аймагынан 2 эле адам (айыл өкмөт Токтогул Абдыкадыров менен айылдык  кеңештин төрагасы Орозалиев Кубаткелди) добуш берүү укугуна ээ болуп катышышты.Жалпы облустан 4 адам добуш берүүгө катышкан.Ошол кезде Бекмолдо айыл аймагынан 11 депутатты жана дагы 4 айыл тургунун кошуп  сынакка байкоочу кылып отургузушкан.

   Сынакка 3 компания катышкан :»Кыргызалтын» , «Восток-геолдобыча» жана «Алдан Золото”. Биринчи отурум башталганда эле «Алдан Золото» компаниясы катышпай чыгып кетти.Андан кийин «Восток-геолдобыча» менен «Кыргызалтын» өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү.Баардык массалык маалымат каражаттары түз эфирде берип жатышты.»Восток-геолдобыча»өзүнүн презентациясын 45 мүнөт жасап,шарттарын,коопсуздук,экологиялык баардык багыттарын айтып беришти.

«Кыргызалтын» презентациясын 9 мүнөт жасады. Анан эки тарап суроолорго жооп берди. Кийин баллдык система менен упайлар берилди.»Восток-геолдобыча» 405 балл,»Кыргызалтын» 305 балл алды. “Кыргызалтындын” утулгандыгынын негизги себеби каражаты жана экологиялык корутундулары жок болгондугу.

Сынак ачык түрүндө, мыйзам чегинде өттү.

Кубаткелди Орозалиев, Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты:

-Биринчи конкурста айылдык кеңешинин депутаттарынын баары комиссиянын мүчөсү болчубуз. Кийин өкмөттүн токтому чыкканда Бекмолдо айыл кеңешинин төрагасы жана айыл өкмөтүнүн башчысы, Талас районунун акими,Талас облусунун губернатору катышты. Демек, областтан  4 киши катышты.  

Ошентип конкурс  таза, ачык айкын өттү , баардыгывидеокамерага тартылды. Бишкекте Экономика министрлигинде өткөн. Биздин делегация ал жакта болду. Акыркы конкурста  3 компания катышты. Конкурс мыйзамдуу түрдө өттү. Ал жерде биз тандаган жокпуз,  балл  берүү система аркылуу тандалды. «Восток-геолдобыча»  жеңүүчү болуп чыкты. Добуш берүүдө жумуш орундар менен камсыз кылуу, экологиялык коопсуздук коңүлгө алынды.

Мен көп эле сынактарга катышкам. Ушул Жерүй боюнча комиссия ачык жана мыйзамдуу болгон. Анан азыр баары салынып иш-чара башталган жатканда ушундацй ызычууну кереги жок деп эсептейм. Талас облусунун көпчүлүк эли ушундай ойдо.

Маектеген Эркинбек Жолчубаев

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.