ELGEZIT - RSS

Тарых сабактары. Кыргызстандын башкы байлыгы болгон адамдар тууралуу
Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Атам Карпек Курманов каза болгондо биз агам Айдар экөөбүз бири-бирибизди терең кайгыдан, түпсүз ойлордон алаксытыш үчүн жашообузда болуп өткөн окуяларды эстеп отурдук. Агам мен билбеген көп кызыктуу нерселерди айтып берди. Ал Кыргыз ССРинин эмгек боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы, коллегиянын мүчөсү эле. Бир жолу 1990-жылдардын башында анын төрагасы Михаил Васильевич Ендовицкий менен Нарынга сапар тартканын айтып берди. Облуста тоолуу район деп төлөнүп берилген каражаттар жогору болуп жатат деген маалыматты текшерүү үчүн барышыптыр. Кеп миллиондогон рублдар тууралуу болуп жаткан жана терс резонанстка алып келмек. Партиянын аппаратында күрөш жүрүп жаткан. Алар Кыргызстан КП БКсынын тапшырмасы менен барышыптыр.

Ал учурда облустун биринчи секретары Искендер Садыкович Мураталин болуптур, агамдын пикиринде күчтүү жетекчи болгон. Анын орун басары кыргыз тилинде «түш жооруган» Тараканов болуптур, атын агам унутуп калыптыр. Ошентип Айдар менен Ендовицкий Таракановдун кыргыз тилинде  сүйлөгөнүнө таң калышыптыр. Кийин администрациянын кызматкерлери менен таанышканда андан дагы катуу таң калышкан экен. Себеби  облустун, шаардын, райондордун администрацияларында, совет жана партия органдарында иштеген орус улутундагылардын баары кыргыз тилинде эркин сүйлөшчү экен. Жада калса ич ара дагы кыргыз тилинде баарлашышчу экен. “А эмнеге орус тилинде сүйлөбөйсүңөр”,- деп таң калышыптыр текшерүүчүлөр. “Көнүп калдык. Эл орусча такыр сүйлөбөйт, ошондуктан зарылчылык жок. Жергиликтүү иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Республикалык органдарга гана орус тилинде жазабыз. Республикалык органдарга гана орус тилинде жазабыз”,-дептир экинчи секретарь Тараканов.

Айдар документтерди текшерип жатканда буга ишениптир. Бир дагы сап орусча жазылбаптыр. Баардык райондор, шаарлар ич ара кыргызча гана жазышчу экен. Союз маалында ушундай болгон экен. Жергиликтүү деңгээлде тилди дискриминация кылгандар болгон эмес. Чүй облусунан жана Фрунзе шаарынан тышкары Кыргызстандын бардык райондорунда ушундай болгон.

Байкеме: “Эми баарын түшүндүм. 2005-2007-жылдары ПРООН уюштурган парламенттик долбоордун кызматкери катары биз тренинг өткөрүп жүргөн маал эске түштү” – дедим. Бир жолу биздин команда Ошко барып тренинг өттү, катышкандар тренинг кызык экен, бирок кыргыз тилинде өтсөңөр жакшы болмок деген каалоосун айтышкан. Бишкекке келип слайддарды кыргызчага которуп, кыргыз тилин үйрөнүп баштадык. Ошондон кийин долбоорубуз калк арасында ийгилик жаратты. Айдар агамдын айтып берген бир тарыхый окуясы көзүмдү ачты.

Агам азыр юридика илимдеринин кандидаты, КГЮУнун профессору. Атамдын жолун жолдоп, жазык аткаруу укугу, криминология боюна адис болду. Азыр эл аралык коррупция жана андагы криминологиялык көйгөйлөрдү  иликтөө менен алек. Тема абдан татаал. Атамдын гени бардай. Жөргөлөбөй учуу керек. Биздин өлкөбүздүн негизги байлыгы болгон Кыргызстандагы адамдардын ушундай кызыктуу окуялары бар.

“Өкмөт өзүнөн-өзү эч нерсени курбайт. Мамлекеттин өзүнүн каражаттары жок. Элдин акчасы гана бар”, — деп Улуу Британиянын премьери Маргарет Тэтчер айткандай, байлыктын баары адамда.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Сүрөт: AFP 2019/Вячеслав Оселедко

Тарых сабактары. Бир пара алуунун кесепеттери тууралуу
Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Учурда өлкө коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүдө. Кыргызстанга эл аралык жардамдар келе баштады. Алардын көлөмү кыргыз олигархтарынын “патриоттук жардамынан” жүз эсе көп болууда. Жардам береби же бербейби ар кимдин өз иши деңизчи. Ар ким колунан келишинче жардам көрсөтүүдө. Президент бир айлык маянасын берди. Бирок бул дагы айрымдарга жакпай калды. Ал ортодо социалдык тармактардын колдонуучулары бандиттерден жана коррупционерлерден жардам алуу керекпи же жокпу деген теманы талкуулап калышты. Буга байланыштуу XX кылымда Германияда болгон орчундуу окуя эске түштү.

Биринчи дүйнөлүк согушта Германиянын Антанта өлкөлөрүнөн утулушу жана монархиянын кыйрашы менен аяктаган. Өлкөдө президенттик-парламенттик башкаруу формасы менен Веймар республикасынын режими орногон.

Германияда эл тандаган биринчи жана акыркы президент генерал-фельдмаршал Пауль фон Гинденбург болгон. Ал Биринчи дүйнөлүк согуштун баатыры катары саналып, саясатчы катары белгилүү болчу. Эки жолу президент болуп шайлаган. Экинчи жолкусунда атаандашынан бир аз гана көбүрөөк добуш алган. 1933-жылы ал буйрукка кол коюп, Адольф Гитлерди канцлер кылып дайындагандан соң дүйнө Экинчи дүйнөлүк согушка кириптер болгон.

Гитлерди көп жактыра бербеген аристократ, аскердик ишмер мындай ишке кантип барган? Анын себеби жөнөкөй гана болчу. Акча... Ийгиликтүү аскер Гинденбург принципке турбаган саясатчы болуп чыкты, аны немистер бир дагы убадасын аткарган жок деп күнөөлөй башташкан.

1926-жылы Гинденбург Линда аттуу эжесинин финансылык көз боемочулуктарынан кийин Нойдек деп аталган ата-бабаларынан калган мүлкүнөн ажырайт. Бирок башкаруучулардын айланасында көптөгөн кишилер ага жагуу үчүн жасакерленип жүрүшөт эмеспи, мындай адамдардын бири пруссиялык аристократ жана консервативдүү саясатчы Элард фон Ольденбург болгон. Анын демилгеси менен Веймар республикасынын Өкмөтү немис өндүрүшчүлөрүнөн акча чогултуп, Нойдекти сатып алып, президенттин 80 жылдыгына белек катары беришкен. Чогулган каражат жетпей калгандыктан, анын бир бөлүгүн өлкө бюджетинен алышкан деген кептер бар. Мүлкүн кайтарып алган Гинденбург аны өзүнүн жеке адъютанты болуп иштеген уулу Оскар фон Гинденбургга жаздырган. Бул тууралуу улутчулдар билип калышып, чоң ызы-чуу чыгармакчы болушат. Гинденбургдун аброюна доо кетмекчи болот. Канцлер Франц фон Папен жана Оскар Гинденбург Гитлердин сүйлөшүүсү учурунда Гитлер эгерде улутчулдар фракциясы канцлер кызматын албаса, анда бул иш боюнча тергөө баштоону талап кыларын билдирет. Гинденбургдар анын талабына макул болушуп, Гитлер канцлер болот.

Мына ошентип, жеке байлыгын ойлогон жана саясий жактан принципке тура албаган  президент 80 миллионго жакын адамдын каны төгүлгөн согуштун чыгышына себепкер болот.

Бул окуя мага Кыргызстандын мурдагы президенти Атамбаев анын «достору» баалуу белектерди беришип, үйүнун курулуш иштерин жүргүзүп жатканын оозу-мурду кыйшайбай айтканын эске салды. Демек, ал пара алып жатканын моюндады. Анын Кой-Таштагы резиденциясы дагы пара болчу. Бул имаратта драма болуп, адам өмүрү кыйылды. Бул өлкөдөгү саясий элита үчүн сабак болушу керек.  Бул пара алуу бул саясаттагы кооптуу жол экенинин жана жакшылыкка алып келбестигинин мыкты үлгүсү болушу керек.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.