Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара күчтөрү билдиргендей, 22-июнга чейин созулган куралдуу кагылышуунун кесепетинен Афганистандын өкмөттүк аскерлеринин 134 жоокери кол салууга туруштук бере албай, Тажикстандын аймагына качууга аргасыз болушкан.
Тажик чек арачылары аларга Тажикстандын аймагына кирүүгө уруксат беришкен.
Афганистандын жоокерлеринин ичинен бирөө каза болуп, төртөө жаракат алган.
Учурда тажик-афган чек арасындагы абал курч деп бааланууда. Афганистандын «Шерхон-Бандар» чек ара пунктунда жаракат алган, каза болгон жана туткунга алынган аскер кызматкерлеринин саны 100гө жетет.
Соңку маалыматка караганда, Тажикстан менен чектешкен Афганистандын 4 провинциясында «Талибан» кыймылы менен өкмөттүк жоокерлердин ортосунда куралдуу кагылышуулар жүрүп жатат. Талиптер Тахор провинциясынын Чахёб, Янги Калъа, Даркад, Дашти Кала, Хожагор уезддерин, Кундуз провинциясынын Дашти Арчи, Имом Сохиб жана Калаи Зол уезддерин, ошондой эле «Шерхон-Бандар» менен «Кокул» көзөмөл-өткөрүү пункттарын басып алышты.