Мэриянын вице-мэринин ордуна Жамалбек Ырсалиев дайындалды

Окуялар тизмеги 16 Июн 2021 15:43
0 ой-пикир

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымат кызматынан билдиришти.

Анын ордуна буга чейин тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Ал эми шаар башчысынын экономикалык жана финансылык маселелер боюнча орун басары болуп Максатбек Сазыкулов келди. Буга чейин ал Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунда Уюштуруучулукту өнүктүрүү департаментин жетектеген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.