Баткен шаарындагы Батырханов чоң каналына 11 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлайт.
ӨКМга кырсык тууралуу маалымат бүгүн, 4-июнь саат 10:59да келип түшкөн.
Куткаруучулар жеткенге чейин чөгүп кеткен кыздын сөөгүн жергиликтүү тургундар суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Кырсык болгон жерге 11 куткаруучу тартылган.