Жымжырттык

Аналитика, Окуялар тизмеги 03 Июн 2021 16:34
0 ой-пикир

Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун күнү белгиленгени менен азырынча саясий айдыңда эч кандай активдүүлүк байкалбай эле. Социалдык тармактардын колдонуучулары дагы муну байкашты, мурдагы шайлоо алдындагыдай активдүүлүк жок.

Жергиликтүү кеңешке шайлоого катышары тууралуу эч ким билдирүү тарата элек. Мындай жымжырттыктан кийин эмнени күтсөк болот? Бул бороон алдындагы убактылуу тынчтануу же шайлоо минималдуу катышуучулар менен өтөөрүнүн белгиси.

Балким, каражат түгөнүп, адамдык ресурстар да азайгандыр же кандай? Бул суроолорго жоопту “кулуардагылар” билсе керек. Бирок алар аны ачыктабай жаткандыктан өзүбүз үчүн үч нерсени белгилеп алалы.

Биринчиден, активдүүлүк болот, бирок документтерди тапшыруу убагына, 13-июнга жакын. Партиялар кампанияны азыртадан эле баштоо туура эмес экенин түшүнүп жатышат. Себеби шайлоочулар менен иштөөдө негизги маселелер добуш берүүгө аз күн калганда чечилет эмеспи.

Экинчиден, кайра өткөрүлчү шайлоолор токтоо мүнөздө болот окшобойбу. Башкы себеби саясий айдың жазындагыдай бош болбойт. Жаңы келген бийлик дароо эле абалды өздөштүрүп кете бербейт. Жазында ээн эркин шайоого катышкандардын баарына эле бул жолу жол ачык болбойт. Акыркы күндөрү аткаминердлердин биринин артынан бири камалганы буга далил.

Үчүнчүсү, акча да, адам да табылат, бирок… Активдүү шайлоо өнөктүгүнүн максаттуулугуна ишеним барбы же жокпу деген суроо туулат. Менин оюмча ишеним болот, бирок баарында эмес.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.