Парламентте Арысланбек Акбаров ант берди

Окуялар тизмеги 03 Июн 2021 14:59
0 ой-пикир

Жогорку Кеӊеш жыйынында «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Арысланбек Акбаров ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал башка кызматка дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Акылбек Жапаровдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов Акбаровду жалпы депутаттардын атынан эл өкүлү болушу менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.