Президент билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды

Окуялар тизмеги 03 Июн 2021 19:39
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Илимий кадрдык потенциал, билим берүү системасын санариптештирүү, билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо, ошондой эле бул тармактын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы баланын инсан катары калыптанышындагы маанилүү этап болгон жетилүүнүн жана мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал балдарды кичинесинен активдүү кылып өстүрүү алардын өнүгүшү үчүн жакшы негиз, мектепте, андан аркы кесиптик билим алууда ийгиликтүү окуусунун жана иштеп кетүүсүнүн кепилдиги болорун кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.