Садыр Жапаров Италия Республикасынын президентин куттуктады

Окуялар тизмеги 02 Июн 2021 12:12
0 ой-пикир

Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Италия Республикасынын президенти Серджо Маттарелланы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Италия Республикасынын улуттук майрамы — Италия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда көп тармактуу кызматташуунун чоң потенциалы бар. Аны эки элдин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу максатында өз ара тыгыз байланыштар мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем» деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттареллага чың ден соолук, бакубатчылык, ал эми Италия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.