Бабановдун тарапташтары митингге чыгышты

Окуялар тизмеги 02 Июн 2021 15:37
0 ой-пикир

Биринчи май райондук сотунда мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Имараттын жанына Бабановдун тарапташтары чогулган.Сотко эки өтүнүч берилген. Ал шектүүнүн кармалышынын негиздүүлүгү менен мыйзамдуулугун текшерүү, ошондой эле баш коргоо чарасын кароо тууралуу.

«Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 31-майда билдирген. Иш Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен козголгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.