Таажы вирусунан 5 адам каза болду

Окуялар тизмеги 31 Май 2021 11:31
0 ой-пикир

 Кыргызстанда 31-майга карата коронавирус дагы 174 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 95, Ош шаарында – 26, Чүй облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 244 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 159, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 17 адам сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.