Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча «Коррупция» фактысы боюнча камакка алынды

Окуялар тизмеги 31 Май 2021 16:48
0 ой-пикир

Бүгүн, 31-майда УКМКга суракка чакырылган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда «Коррупция» фактысы боюнча камакка алынды.

Бул тууралуу билдирген УКМКнын маалымат кызматы «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Ө.Бабанов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, камакка алынды»- деп билдирди.

Бүгүн, 31-майда «Кумтөр»иши боюнча, ошондой эле мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков, экс-вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдор дагы УКМКга суракка чакырылышкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.