Президент Министрлер Кабинетине байланыштуу жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду

Окуялар тизмеги 29 Май 2021 19:21
0 ой-пикир

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы „Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

—3-пункттун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

« — Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги;».

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.