Президент Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты

Окуялар тизмеги 28 Май 2021 11:37
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бул жолдун курулушунун негизги максаты — Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу.

Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 км. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды.

Мамлекет башчысы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушуна чоң маани берди.

Садыр Жапаров Баткенге кечээ, 27-майда иш сапары менен барган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.