Чолпон-Атадагы жээкте жансыз денеси табылган өспүрүм суицидке эмне себептен барганы аныкталды

Окуялар тизмеги 28 Май 2021 13:59
0 ой-пикир

Чолпон-Атадагы жээкте жансыз денеси табылган өспүрүм Ысык-Көлгө бир күн мурун келген.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен 2005-жылы туулган жашы жете элек баланын сөөгү 27-май күнү эртең менен көлдөн табылганын жазган.

Маркумдун сөөгүн жергиликтүү тургун тапкан. Өспүрүм ден соолукту чыңдоочу жайдан анча алыс эмес жерде жайгашкан пирстин жанында жаткан.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери анын өздүгүн аныкташты. 2005-жылы туулган Нурбек [аты өзгөртүлдү, Н.Н.] Нарын облусунун Жумгал районунан экени белгилүү болду. Сөөктүн жанынан ташка толгон рюкзак табылды. Мындан тышкары, уюлдук телефон жана 1900 сом табылган.

Кийинчерээк өспүрүм ата-энеси менен Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде турганы, 9-класстын окуучусу болгону маалым болду.

Баланын ата-энеси бир нече күн мурун Нурбек анализге кан тапшырганын айтышкан. Өспүрүм лейкемияга (кан пайда кылуу системасынын шишик оорусу) кабылганын билгенден кийин апасына мындай оору менен жашай албастыгын билдирип, смс-кат жөнөткөн. 26-май күнү кечинде ал Бишкектеги үйүнөн белгисиз тарапка чыгып, дайынсыз жоголгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.