Соода-олигархтык буржуазиянын күнү батты. Кабылбековдун пикири

Аналитика, Окуялар тизмеги 21 Май 2021 15:21
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Аны менен Соода-олигархтык буржуазиянын күнү батты. Бул тууралуу социалдык тармактарга публицист Мусуркул Кабылбеков жазып чыкты.

«Кечээ БШК Бишкек шаардык кеңешине байланыштуу талаш-тартышка чекит койду.

Кыргыз саясатындагы чындыктар иллюзияга жол бербейт. Шайлоонун жыйынтыгын таануу керекпи же жокпу деген маселеде эки чоң күч күрөшкөнү белгилүү. Бул Эски аянт жана Эркиндик бульвары. Ошентип соратниктердин ортосундагы пикир келишпестик пайда болгону тууралуу ушактар чын болуп чыкты.

Бирок азыр бул тууралуу эмес. Былтыр күзүндө Нариман Түлеев борборду алууну каалап, бирок куулуп чыгып уят болгонун баарыбыз билебиз. Бул жолку шайлоодо ал эңсеген кызматка отуруу үчүн кайрадан аракет кылды. Ушунчалык эңсептир деңиз, шайлоо процессинде борбордун мурдагы башчысы чечен болуп чыга келди. Таттуу сөздөр «Ак Батанын» бардык жарнак такталарынан шаар тургундарына агылып жатты. Көзгө көрүнбөгөнү менен башка партиялардын артында турган олигархтар деле андан кем калышкан жок. Натыйжада иш оңунан чыккан жок.

Бул эмнеден кабар берет? Соода-олигархтык буржуазиянын күнү батканына ишенгим келет. Анын ордуна күчтүү жаңы муун келет. Акчасы жок, бирок энергиясы ашып-ташкан, тажрыйбасыз бирок креативдүү, эң башкысы арты таза. Алардын келечегине БШК жол ачып берди. Кынтыксыз эмес, каргыш угуп келген, бардык нерсеге күнөөлүү деп санала берген БШК. Биз анын тарыхта калчу жыйындарынын артында эмне турганын билбейбиз жана өмүр бою билбейт окшойбуз. Бирок бул маанилүү эмес, негизгиси жыйынтык. “Дүйнөдөгү бардык жакшы иштер ачуулануудан улам жасалат” деген экен бир акылман. Кандай болгон күндө дагы БШКга жана анын төрайымына ыраазычылык айталы.

Биздин койлор тууралуу айта турган болсок. Балким алар жабык дарбазаларды каккылаганды токтотушат? Жаштарга жол бошоткула.

Жакшы үй, мыкты жубай, карылыкты тынч тосуп алуу үчүн адамдарга дагы эмне керек”,-деп жазат Кабылбеков.

Эске сала кетсек, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майда Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Буга аталган комиссия үч партияны КЭДП, «Эмгек» жана «Ак-Бата» шайлоодон четтеткени жана аталган партиялар алган добуштар жараксыз деп табылганы себеп болгон.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы борбордогу 30 шайлоо участокторундагы добуштарды жараксыз деп тапкан. Натыйжада жокко чыгарылган добуштардын саны 60 миңден ашып, 45,02%ды түзгөн. Мыйзамга ылайык, добуш берген шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгүнүн добушу саналбаса, анда шайлоо жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо болот.

Жакында эле, 19-майда БШК бул чечимди колдоду.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.