Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды

Окуялар тизмеги 20 Май 2021 12:37
0 ой-пикир

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМК “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн аталган долбоор боюнча келишимди аткаруу мөөнөтүн узартуу туурадуу маселени оң жагына чечүүгө өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча билдирүүсүнүн алкагында сот чейинки өндүрүштү баштаган.

Тергөө иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында, 2021-жылы 20-майда КР Жазык кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгисин жасоого шектелип министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри А.Д. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакын арада А.Д. аталган кылмышка шектүү экендиги тууралуу кабарланат, ал эми Биринчи май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Республикага инвестиция тартуу, инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын эске алуу менен ушундай иштерге аралашкан мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызмат ордуна, жасаган эмгегине карабастан жоопко тартылат.

УКМК мамлекеттик органдар тутумундагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишин улантууда жана мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде жооптуу кызматтарда иштегендердин мыйзамсыз иш-аракеттеринен инвесторлордун укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.