Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Орусия президенти Владимир Путин 24-май күнү Орусиянын Сочи шаарында жолугушат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Владимир Путинге ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде Путин өзү айтканын аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
«Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери бекемделүүдө. Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат, биз өз ара ишенимди жана бири-бирибизге болгон сый-урматты сезебиз. Орусия менен Кыргыз өлкөсү соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү өз ара аракеттенишүүдө. 24-майда Сочиде боло турган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз», — деген Путин.