Зарылбек Рысалиевдин ордуна депутат болуп Өскөнбай Жээнбаев келет

Окуялар тизмеги 15 Май 2021 10:21
0 ой-пикир

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 14-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынан депутаты Зарылбек Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту.  Анын мандаты Өскөнбай Жээнбаевге тийди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, КР БШКнын ЖК депутаты З.Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтому КР Конституциясынын 19-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,10-пункттарына, КРнын «КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1,5-пункттарына, КРнын «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,9-пункттарына ылайык кабыл алынды.

Зарылбек Рысалиевдин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Сүрөт БШКныкы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.