Садыр Жапаров Run the Silk Road Ысык-Көл IX эл аралык марафонун ачты

Окуялар тизмеги 15 Май 2021 09:59
0 ой-пикир

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Чолпон-Атадагы ат майданында XXII Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган ШКУнын Run the Silk Road Ысык-Көл IX эл аралык марафонуна старт берип, сөз сүйлөдү.
Садыр Жапаров марафондун катышуучуларына ийгилик каалады.

“Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо. 2019-жылдын 1-декабрында ШКУнун Куньмин марафону жана ШКУнун Ысык-Көл марафону ортосунда бир туугандык мамилелерди орнотуу жөнүндө меморандум түзүлгөн. 2020-жылы марафон пандемияга байланыштуу өтпөй калган. Ошол эле жылдын аягында ШКУнун Ысык-Көл марафону квалификациялык деп табылган”, — дейт ал.

Президент марафондун нормативин аткарган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин белгиледи.

“Аталган марафон Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясы (World Athletics) жарыялаган Label Road Races жарыш календарына кирген. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт. Дени сак улут — өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбайт. Мамлекет дене тарбия, спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишин уланта берет. Спортту ар тараптан өнүктүрүү мамлекеттин социалдык-саясаттын артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат”, — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.