УКМК: Аспеков тууралуу жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт

Окуялар тизмеги 14 Май 2021 12:35
0 ой-пикир

Активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө камак жайында ур-токмокко алынгандыгы жана тергөө абагынын кызматкерлери кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу ЖМКларда жана социалдык тармактарда жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт, — деп билдирет КР УКМКнын маалымат кызматы.

Аталган бул маалыматка текшерүү жүргүзүлүп, М. Аспеков жаракат алгандыгы боюнча көрсөтүлгөн сүрөттөр 2021-жылдын март айынын башында тартылгандыгы аныкталды.

М. Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 2021-жылы 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ал денеге залал келтирүүнүн келип чыгуу себебин билдирүүдөн баш тарткан жана Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан, буга 2021-жылдын 11-мартындагы түзүлгөн АКТ күбө болуп турат.

Кыргыз Республикасынын УКМК Мелис Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары экендигин баалайт.

КР УКМК атайылап жалган маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип кетет.

Эске сала кетсек, активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураев январь айынын башында «Кыргыз Темир Жолу» УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деген шек менен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Ж. аттуу КР жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

26-январда сот Улан Жураевди үй камагына чыгарган. Маалым болгондой, ал Башкы прокуратура менен кызматташууга макул болгон, Мелис Аспеков болсо тергөө иши аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.