Cадыр Жапаров мектептеги окуяга байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты

Окуялар тизмеги 12 Май 2021 09:01
0 ой-пикир

Садыр Жапаров Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салуудан курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп кызматкерлеринин курман болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.