8-майда Москвада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу болду. Буга чейин Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулай турганын билдирген болчу. Бирок Кремлдин сайтында жарыяланган стенограммага ылайык, бул тууралуу бир дагы сөз жок.
Саясат таануучу жана КМШ өлкөлөрү боюнча талдоочу Аркадий Дубнов Россия менен Тажикстандын президенттери эмнеге чек арадагы жаңжал тууралуу сүйлөшпөгөнү тууралуу айтып берди.
“Тажик президенти Рахмон Москвадагаы Жеңиш парадына чет өлкөдөн чакырылган жалгыз өлкө башчысы болду. Ал эпидемиологиялык жактан алганда Путин үчүн кооптуу эмес, анткени буга чейин COVID-19 вирусуна каршы бардык процедураларды өткөн.
Бирок анын Москвага болгон сапарында башка нерсе кызык болчу. Бир нече күн мурда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында кан төгүлгөн жаңжал чыккан, ал 60ка жакын адамдын өмүрүн алды, алардын арасында жаш балдар да бар эле. Буга байланыштуу бүгүн кечинде Орто Азиядагы эл бул кичине согуш тууралуу Рахмон эмне дегенин, Путин кандай реакция кылганын, үй-жайынан айрылып, коңшуларын жана раистерин (жетекчилерин) жек көрүп жаткан миңдеген эл эмнени күтүшү керектигин билүү үчүн телевизордон көзүн албай турушту.
Бирок эл буга байланышкан бир дагы маанилүү сөз уга алган жок. Бир дагы!
Путин менен Рахмон пандемиянын айынан төмөндөп кеткен товар айлануу, Афганистандын кооптуулугу, аймакта коопсуздукту бекемдөө, КМШ, Тажикстан төрагалык кылган ШКУ, ЖККУ тууралуу сөз кылышты…
Бирок тажиктер менен кыргыздардын ортосунда тынчтык болобу, бул үчүн Россия кандай иштерди жасоого даяр экени тууралуу Путин жана Рахмон бир дагы ооз сөз сүйлөшкөн жок. Азырынча… Башкача айтканда, балким эки президентке ал көйгөй тууралуу маалымат жеткирүүгө жетишпей калышкандыр.
Минтип ойлоо күлкүңдү келтирет экен, туурабы? Жогорку деңгээлдеги мындай уялчаактык кайдан пайда болду экен?
Бири-бири менен согушкан өлкөлөрдүн биринин президенти Москвага барганына экинчи өлкө кызганыч жана этияттык менен карайт. Кыргызстан болсо эми Россия Тажикстанга жан тартып жатат, ал Афганистандан Американын аскерлеринин чыгарылуусуна байланыштуу Афганистанга байланыштуу жаңы саясат жүргүзүүдө маанилүү өнөктөш болууда деп эсептөөдө. Душанбе Афганистан боюнча иш жүргүзүү үчүн АКШнын аскердик түзүмдөрүн жайгаштыруучу аянтча болуп берүүгө даярдыгын көргөзүүнү көздөйт.
Ушундан улам, Россиянын Коргоо министри Шойгунун Тажикстанга болгон иш сапарын жана Россия менен Тажикстандын бирдиктүү абадан коргонуу тутумун түзүү боюнча келишим түзгөнүн эске сала кетүү керек. Бул жерде каталарга жол жок. Ошондуктан ансыз да кастык сезимде турган коомдун кыжырын келтирбөө үчүн ушундай чечим кабыл алынды окшойт. Москва жаңжалдашкан өлкөлөрдүн бирин колдоп жатат дегендей ой келбеши үчүн айта кетейин, Рахмон жаңжалга чейин эле, апрелдин аягында чакырылган жана балким Путин менен Тажикстандын президентинин жолугушуусунун протоколдук бөлүгүндө бул тууралуу такыр сөз козгобоо тууралуу чечим кабыл алынгандыр.
Үн катпай коюу шектенүүгө негиз түзүшү мүмкүн, себеби Борбор Азияда конспирология популярдуу, өзгөчө так маалыматтын жоктугу жана жетекчилерге ишенбөөчүлүк күч алган. Бир чети, Кыргызстандагылар аймакта тынчтык орнотууда Россиянын ролу чоң болот деген үмүт бар, мындай үмүт тажик тарапта жокко эсе. Ошондуктан мындай шектенүүлөр болбочудай сезилет…
Муну менен катар эле учурда Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн кеңешип жатышканы түшүнүктүү.
Эки жумага жетпеген убакытта ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына Душанбеге Кыргызстандын президенти Жапаров жана Казакстандын президенти Токаев, Россиянын ТИМинин башчысы Лавров барыш керек.
Тажикстандагы 1992-97-жылдардагы жарандык согуштун үрөй учурган окуялары унутула элек, Борбор Азиядагы жаңы согуштун башталуусу өтө үрөй учурат. Анын Орусияга тийгизген кесепеттери жөнүндө айтпай эле коёюн”.