Коопсуздук Кеңеши ишкерлерди коргойт

Окуялар тизмеги 20 Апр 2021 12:43
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши ишкерлерди коргоо маселеси менен алектенет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков онлайн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт буга чейин ишкерлерди колдоо боюнча бир нече чараларды иштеп чыккан. Мындан тышкары, президент ишкердикти коргоонун кошумча чаралары жөнүндө жарлык чыгарды.

Кармышаков ишкерлерди коргоодогу биринчи кадам катары ишмердүүлүгү боюнча суроолор ар дайым көтөрүлүп турган каржы полициясынын жоюлушу болгонун баса белгиледи. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.