Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.
Борбордо шайлоо өттү жана анын жыйынтыктары эксперттик коом күткөндөй эле болду. Съезддер, конференциялар өтүп жаткада эле кайсы партияларда шаардык кеңешке өтүү мүмкүнчүлүгү бар экени, кайсы партиялар түшүнүксүз максаттар менен катышып жатканы белгилүү болуп калган.
Расмий үгүт өнөктүгү башталганда эле партиялардын кимиси мүмкүн болгон бардык керектүү ресурстарды — каржылык, адамдык, уюштуруучулукту топтой алгандыгы жана ким көрө жатарбыз деп эле ишке киришкени дароо белгилүү болду.
Ал эми көптөгөн партиялар тизмесине шаардык кеңештин мурдагы депутаттарын кошуп алышканы социалдык тармактарда катуу сынга алынганы менен партиялар үчүн бир топ добуш алып келди. Анткени депутат болуп иштегендердин шайлоочулар менен байланышы бар, алар шайлоо учурунда жеринде мыкты иштеп беришет. Алар квартальныйларды таанышат. Алар шаардын көйгөйлөрүн билип бүтүшкөн, бул да өтө маанилүү. Шайлоочулар бир талапкер үчүн гана бүтүндөй бир партияга добуш беришти. “Биздин эл” партиясынын жеңишин дал ушундай түшүндүрсөк болот, алар пандемия учурунда ыктыярчы, 4-октябрдан кийинки окуяларда элдик кошуундун катарында болушканы элдин эсинде.
Негизи эле партиянын тизмесин түзүү – бул өзгөчө искусство. Айрыкча мурда белгилүү болбогон партиялар үчүн. Мисалы, Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы тизмесине Илим Карыпбековду жана Гуля Алмамбетованы кошуп алуу менен тобокелчиликке барды. Экөөнү тең колдоп келген белгилүү бир топ бар болгону менен аларга каршы болгондор да аз эмес. Бирок тобокелчилик өзүн актады десек болот. Себеби медиага тиешеси бар эки адам тең элдин көңүлүн партияга бурууга чоң салым кошту.
Ошондой эле үгүт кампаниясын активдүү жүргүзүү дагы өтө маанилүү. Партиялардын ичинен ММКларга, социалдык тармактарга көп чыккандардын арасында Нариман Түлеев болду, ал программасы тууралуу айтып, шайлоочулар менен байланышуу үчүн коммуникация каналдарын мыкты колдонду, натыйжада жеңишке жетти. «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК партиялары дагы бир ай бою социалдык тармактардан түшпөй, беделдүү ММКларга чыгып жатышты. “Ынтымак” партиясы дагы четте карап турган жок, ал дагы медиага байма-бай чыгып жатты. НДПК менен “Реформанын” ортосунда болгон, Фейсбук жана Ютуб аркылуу көрсөтүлгөн дебат да өтө чоң мааниге ээ болду. НДПК “Реформанын” “аймагына” кирүүдөн корккон жок жана дебаттан кийинки ар түрдүү пикирлерге карабастан “хайп” кармай алышты.
Ооба, шайлоо — бул акча. Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө ушундай.
Акча ММКлардагы жарнамага, агитаторлорго, саясий стратегдерге жана PR-адистерине акы төлөө үчүн ж.б. керек. Акча бул ресурс жана ага ээ болгон партиялардын мүмкүнчүлүгү жокторго караганда көбүрөөк болушу табигый нерсе. Андан тышкары, эгер тизмеге белгилүү адамдар жок болсо өтө кыйын болот. Ошондуктан жарышка катышардан мурун өзүңдүн күчүңдү эсептешиң керек.
Ошондуктан 7-5 жада калса төрт пайыз ала албай калган партиялар жада калса, билборддорго чыга албай, шайлоо кампаниясында активдүү катышпай эле кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылганы кызыктай эле көрүнүш.
Ошол эле митингге чыккандар кайра шайлоо болуп, ал “капчыктууларсыз” өтүшү керектигин билдиришүүдө. Башкача айтканда, шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогондор шайлоо кампаниясына акчасы барлар жана жоктор деп бөлүүнү сунушташууда. Акчасы барбы, демек элдик партия эмес, акчасы жокпу элдик партия дешүүдө. Абдан “демократиялуу” жана жаңычыл кадам экен.
Албетте, шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болду. Добуш сатып алган, ошондой эле шайлоо участогунан сырткары добуш берүүгө таасир берүү аракеттери, шайлоо болуп жатканда үгүт жүргүзгөндөр болду. Бирок мыйзам бузуулар Жогорку Кеңешке болгон шайлоодогудай өтө көп болгон жок. Албетте, бул элдин тандоосуна терс таасир тийгизген жок.
Ал эми административдик ресурс колдонулду деген нааразы болгон партияларга айтып коелу, бийликтин партиясы болгон “Ата Журт Кыргызстан” 4-орунду алды. Ал эми административдик ресурсту өз кызыкчылыгына бийлик гана колдонот эмеспи, ошондуктан ал административдик деп аталат да.
Бишкектеги шайлоо учурунда административдик ресурс колдонулган болсо анда партияларга тоскоолдуктар жаратылмак, бийликке тиешеси жок партияларды каттоодо тоскоолдуктар болуп, ММКларга чыгууга бут тосулуп, мамлекеттик кызматта иштегендерди бийликтин партиясына добуш берүүгө мажбурлап, партиялардын шайлоочулар менен болгон жолугушуулары үзгүлтүккө учурамак да.
Жогоруда саналгандардын бири дагы болгон жок да.
Шайлоодо атаандаштык күч болду жана бардык париялар “өз товарын” көрсөтүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Бул “товар” шайлоочуларга жакпай калганы бийликтин же утпай калгандардын көйгөйү эмес.
Жада калса, шайлоо кампаниясына баштан аяк көз салып турган журналисттер дагы митингге чыккан «Улуу Журт», «Улутман», ДДК партияларынын Коммунисттер партиясынын чакырыктарын эстей албай турушат. Алар шайлоого кандай сунуштар менен аттанганын дагы эстөө кыйынчылык жаратып жатат. Буга да бийликтин партиясы же Бишкек шаардык кеңешке өткөн партиялар күнөөлүүбү?
Балким, борбордун жаңы парламенти кыялыбыздагыдай парламент эместир. Бирок жарандардын тандоосу ушундай болду. Аны сыйлоо керек. Эгерде мындай болбосо БШКнын алдында утулган партиялар эмес, добушубузду уурдаттык деген шаардыктар митинг кылышы мүмкун эле.
Ал эми ушундай мини-митингдер, жеңилгенин мойнуна алгысы келбегендердин чатырларды тигип, акцияларды уюштурганы кыжырды гана келтирет. Анткени, Бишкек саясаттан, митингден тажады, ага тынчтык жана туруктуулук керек.
Жеңилгенди дагы билүү керек, бирок азыр баары эле утулуу ызасын татыктуу тарта албай келишет.