Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында 14-апрелде ачкачылык акциясы башталды. Аны жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар уюштуруп жатышат.
Эске салсак, шайлоонун жыйынтыгы чыгарыла электе эле Социал Демократтар партиясы нааразычылык билдирип, акцияга дароо чыгышкан.