«Тизмеден чыкпай калгандар болду»: милиция текшерип жатат

Окуялар тизмеги 11 Апр 2021 23:16
0 ой-пикир

Жалал-Абад ОИИБи: Базар-Коргондогу №2145 шайлоо участкасында тизмеден чыкпай калгандар болду деген маалымат боюнча милиция тарабынан текшерүү башталды

Базар-Коргондо 40ка чукул шайлоочунун жана 1 талапкердин тизмеси катталган участкадан чыкпай калганы үчүн шайлоого катыша алган жок — деп Турмуш басылмасына аймактык кабарчы билдирип, маалымат таратылган.
Бирок алдын ала алынган маалымат боюнча, Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Салмоорбек Саттаров менен РИИБдин кызматкерлери окуяны тактоо иретинде телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда милицияга арыз жаза электигин айткан.
Акипресс маалымат агенттигинин “Турмуш” бөлүгүнө чыгарылган маалыматтын негизинде маалымат Базар-Коргон РИИБдин МЭЖне катталып, учурда аталган №2145 шайлоо участкасына Базар-Коргон РИИБдин документтештирүү тобу барып, жеринде текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.

                                             Жалал-Абад ОИИБдин Басма-сөз кызматы

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.