Шайлоо аяктады: 1 миллиондон ашык адам добуш берүүгө катышты

Окуялар тизмеги 11 Апр 2021 20:47
0 ой-пикир

Кыргызстандагы бардык добушканалар саат 20.00дө жабылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашык адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 024 891, референдумга 1 061 591 киши келди. Шаардык кеңештерге 3 03 176 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 28,89% түздү.
Ал эми айылдык кеңештер үчүн 721 715 адам добуш берди. Бул — жалпы шайлоочулардын 31,81 пайызы.
Баш мыйзамдын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 29,44% жетти. Башкача айтканда, 1 061 591 киши добуш берүүгө келди.

Референдум үчүн 3 606 201 киши, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 3 318 130 шайлоочу катталган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.