Баш мыйзамдын жаңы редакциясын 543 270 жаран колдоду

Окуялар тизмеги 11 Апр 2021 21:50
0 ой-пикир

БШКнын 11-апрель, саат 20:00ге карата берген баштапкы маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы редакциясын колдоп 543 270 шайлоочу добуш берди.

Шайлоодо 92 836 (12,95%) шайлоочу Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү өлкөнүн бардык аймактарында, 2 435 шайлоо участогунда жүрдү. Ошондой эле өлкөдөн тышкары чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкесинде да референдумга добуш берүү болду.

Саат сегизге карата айрым чет өлкөлөрдөгү участокторду эске албаганда, бардык добушканаларда шайлоо аяктады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.