Жалал-Абад ОИИБи: Добуш сатуу болушу мүмкүн делген арыз текшерилди

Окуялар тизмеги 11 Апр 2021 18:30
0 ой-пикир

2021-жылдын 11-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан №2103 шайлоо участкасында депутаттыкка талапкер 1977-ж.т. Рыскулова Жанара, — “болжол менен саат 11:30 чамасында бейтааныш аял киши Жалал-Абад шаарынын №14-орто мектепте жайгашкан №2103 шайлоо участкасынын алдында башка бир бей тааныш кишиге акча берип жаткан видеосу бар, ошол боюнча текшерип, юридикалык баа берип, мыйзам чегинде чара көрүүгө жатат деген арызы менен Жалал-Абад ШИИБне кайрылган.
Аталган факты 11.04.2021-жылы Жалал-Абад ШИИБдин МЭЖне катталып, документтештирү тобу аркылуу текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүү учурунда – арыз ээсине бейтааныш жарандан анын уюлдук телефонуна телефонго тартылып алынган видео келгендиги, аталган видеодо бир бейтааныш аял киши, бир кишиге сумкасынан акча алып бергенин, бирок видеодо ак нерсе көрүнгөндүгүн, акча экендиги даана көрүнбөй жатканын жана бир киши акча санап жатканы көрүнгөндүгүн, аталган адамдар кайсыл партиядан экенин так билбегендиги аныкталган.
Ошондой эле, видеотасмада көрүнгөн жарандын өздүгүн тактап (Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1958-ж.т. Ж. А.) сурашкан учурда, ал 2021-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын №2103 шайлоо участкасында катталгандыктан, жарандык милдеттин аткаруу максатында, шайлаганы келгендиги, Шайлоого кирип шайлап чыгып сыртта аялын күтүп турган учурда Базарбай аттуу бир жылдан бери тааныш кишини көрүп калып, ал менен сүйлөшүп турганда бир аял киши келип таанышы Базарбай менен өз ара сүйлөшүп жатышканын, бирок Базарбай аял кишиден маска сурагандан аял киши сумкасынан маска издеп жатканын, ошол убакытта “азык-түлүк ала барганы акчам жетет бекен” деп өз алдынча эле четке чыгып акчасын санап жатканын, ал жерде аял киши эч кимге эч кандай акча бербегенин, өзү эч кандай партияга чуркабаганын жана эч кандай партиясынын мүчөсү болбогонун билдирген.

                                             Жалал-Абад ОИИБдин Басма-сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.