Ат-Башыда милиция шайлоо күнүнө карата жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Окуялар тизмеги 09 Апр 2021 13:25
0 ой-пикир

Нарын ОИИБи: Ат-Башы РИИБнүн көчмө кабылдамасы менен шайлоо күнүнө карата жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, алдыда боло турган 11-апрель шайлоо күнүнө карата даярдык көрүү, шайлоо өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти камсыз кылууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл тургундарына жеринен жолугушууларды өткөрүп, элдин суроо талабына жеринен жооп беришүүдө.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери айыл аймактарга иш сапарга чыгууда, жарандардын арыз даттанууларын, кайрылуусун, жеринен кабыл алууда, милициянын көчмө кабылдамасы менен барып, жеринен көмөк көрсөтүп келишет.

Мындан тышкары жугуштуу илдеттин алдын алууда эл көп чогулган жерлерде бет кап тагынып жүрүү жагы эскертилип жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.