Мектеп окуучулары 12-13-апрель күндөрү гана аралыктан окушат, — Элмира Иманалиева

Окуялар тизмеги 08 Апр 2021 09:53
0 ой-пикир

Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 8-апрелден 14-апрелге чейин эле жабыларын билдирди.

Шайлоо жана референдум өткөндөн кийин эки күн билим берүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүрөт. Андан кийин буга чейин мектепте сабак мурдагы тартипте уланат.

6-апрелде Бишкекте эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында мектеп окуучуларын аралыктан окууга өткөрүү жана бала бакчаларды жабуу чечими кабыл алынган. Мэрия буга борбордо коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткени негиз болгонун билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.