ИИМ: Тергөө органдары шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын иликтеп жатат

Окуялар тизмеги 08 Апр 2021 08:41
0 ой-пикир

2021-жылдын 19-мартында «Инстаграм» социалдык тармагында «Мегаком» уюлдук операторунун абонентинин аудиожазуусу тараган. Бул аудиожазууда белгисиз аял WhatsApp мессенджердеги «Штаб» аталышындагы тайпада форма №1 боюнча каттап, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына адамдарды алып келүүгө тапшырма берген. Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларына адамдарды ташып келүүнү дагы талап кылган. Мыйзамга ылайык, батирлерде дагы ондой адамдарды каттоого болоорун дагы айткан. Видеодо автор 3000 сом төлөмү менен үгүттөөчүлөр менен түзүлгөн келишимди дагы көрсөткөн.
2021-жылдын март айында бул факты Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө WhatsApp мессенджердеги бул тайпага билдирүүнү КЭДП партиясынан депутаттыкка талапкер 1988-жылы туулган И.Р. жөнөткөнү аныкталган. Бирок ал сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү маалында шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысын мойнуна алган эмес.
2021-жылдын 5-апрелинде сотко чейинки өндүрүштүн материалынын көчүрмөсү Бишкек шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.
2021-жылдын 6-апрелинде Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 42-беренесине ылайык 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
2021-жылдын 30-март күнү «Фейсбук» социалдык тармагында фото жана видео материал тараган. Анда «Ата-Журт Кыргызстан- саясий партиясынан Ош шаардык кеңешке депутаттыка талапкердин өкүлү А.Ж. №5308 шайлоо тилкесинин аймагында азык-түлүк түрүндө продуктуларды таратышып, добуш сатып алуу менен алектенип жатышкандыгы чагылдырылган. Ошол эле күнү бул факты Ош ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп баштаган.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран А.Ж. «Фрунзе» мектебинде мугалим экендиги жана аталган партиядан депутаттыкка талапкердин атынан 2-топтогу майып 2002-жылы туулган З.С.га азык-түлүк продуктуларын алып келип бергендиги аныкталган.
2021-жылдын 7-апрель күнү А.Ж.га Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу кабарлама тапшырылган.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.