Милиция шайлоого карата күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

Окуялар тизмеги 06 Апр 2021 11:42
0 ой-пикир

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, ошондой эле, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери 5-апрелден баштап күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.

Бул тууралуу министрликтин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Сталбек Рахманов дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү тобунун жыйынында айтты. «Мыйзам бузуулар болсо ыкчам чара көрүү топтору менен биргеликте тез аранын ичинде чара көрүү тууралуу ички иштер министринин талаптары коюлган», — деди Рахманов.

Кыргызстанда 11-апрелде өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.