Мамлекеттик сатып алуу жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдар өзгөртүлүшү мүмкүн

Окуялар тизмеги 02 Апр 2021 13:46
0 ой-пикир

Мамлекеттик сатып алуу жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө мыйзамдар өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн КР президентинин «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жана «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу кеңешмеде КРнын президентинин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүн башчысы Искендер Гайпкулов билдирди.

Анын айтымында, президент дайыма Салык кодексин өзгөртүш керек деп айтып келет. Азыркы Салык кодекси учурдагы реалийлерге ылайык келбейт. Азыр Салык кодексине 160тан ашык өзгөртүү киргизилгенин көрүүгө болот. Салыкчылар өздөрү дагы баштары айлана башташты.

“Биз бизнеске шарт түзүп бере албай жатабыз. Президенттин жарлыктарына карабай бир дагы министрлик ишкерлерга шарт түзүү үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүшкөн жок. Алар өлкөдөн кетип жатышат. Көптөгөн бизнесмендер өздөрүнүн иштерин токтотууга аргасыз болушууда. Бул жакшы эмес жана процесс активдешүүсү керек. Көп мыйзамдар өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, Мамлекеттик сатып алуулар жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзамдар өзгөртүүгө жатат. Мамсатып алуулар боюнча биз мыйзамды сактоого аракет кылуу менен сапаттуу товарларды сатып ала албай арзандарды сатып алып жатабыз. Финансы полициясын жоюуга туура келди, анткени бул кызматта натыйжалуулук болгон жок. Алар мамлекетке канча акча келгендиги боюнча статистика жазган органга айланды, бирок бул каражаттын 70%ы салыктар”,-деди Гайпкулов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.