Конституциялык реформа: элдик талап, берилген сунуш, бузулган эрежелер, тандалбаган жолдор

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 30 Мар 2021 10:40
0 ой-пикир

Эмилбек Джураеватайын Еlgezit.kg үчүн

Өткөн жылдын октябрь айында башталган Кыргызстандагы опурталдын өзөгү делип конституция айтылды да, баш мыйзамды өзгөртүү элдин эң негизги талабы болуп чыга келди. Бул аныктаманын орчундуу суроолорду туудурганы, балким, дээрлик жок жерден чыга келгендигин айтпай эле кое туралы. Элге тараган Жогорку Кеңештин купуя-сымал планына жараша, ээ-жаа бербей, көптөгөн кооптонууларга, чыркыраган каршылыкка, курч сын пикирлерге карабай, конституциялык референдум 11-апрелге дайындалды. Эмнеге мынчалык сын-каршылык көп болду, сунушталган референдумдун жана ага коюлган конституциялык долбоордун кемчиликтери эмнелер?

Эмне талап кылынды эле?

Октябрь ыңкылабы кандай ураандар, талаптар менен орун алганын чын дилден каалаган киши оңой эле өзү эле эске салса болот. Ал ураан-талаптардын артында кандай түпкүрдүү маселелер жатканын, коомдогу кандай чиештүү проблемалар элге түрткү болгонун алсак, бул суроо узагыраак талкуу, иликтөөнү керектейт. Андыктан, мейли, азыр айтылып калгандай, өлкө баш мыйзамын өзгөртүү негизги талаптардан болгон дейли. Бул талаптын эл үчүн эмне мааниси болушу мүмкүн эле?

Эң эле орчундуу жана мурдараактан бери айтылып келген системдүү көйгөй – жоопкерчиликтүү башкаруу системасын орнотуу болгон. Эч ким эч нерсеге жооп тартпагандай, ар ким өз билгенин, өз кызыкчылыгын аркалагандай абалда болуп, жалпы коом жана экономика бийликке жетип алгандардын төшөндүсү болгон кырдаал элди барган сайын нааразы кылган. А жоопкерчиликтүү бийлик болсун дегендин артында элдин эң эле негизги жана түшүнүктүү каалоосу турат – жакшы жашоо, турмуштун оңолуусу, өнүгүү. Жоопкерчиликтүү бийлик гана жакшы жашоого алып бара алат экенин эл сонун түшүнөт. Андай бийликке алып барчу реформалардын жолдору көп.

Бийлик жоопкерчилигин күчөтүү, биринчиден, сөзсүз конституцияга байланган максат эмес, аны адилеттик жана укук коргоо жааттарында, жарандык коом менен, жергиликтуу коомчулуктардын аракети менен ишке ашырса болот, мисалы. Экинчиден, конституцияга байлачу болсок деле, аны баш мыйзамды түбү менен которбой туруп эле, чектелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу – мисалы, милдеттер менен ыйгарым укуктарды башкача бөлүштүрүү аркылуу – күчөтүүнүн жолдору бар.  

Бул зор, татаал элдик талап акырында “баш мыйзамды жаңылап, президенттик формадагы башкарууга өтүү” деп чечмеленип калды. Баш мыйзамды өзгөртүү – эң “оңой” жана эң чоң иш. Турган үйдү жакшыртуу, кемчилигин изилдеп оңдоо чеберликти, усталыкты талап кылат. Аны сүрүп салып, ордуна жаңы бир төрт дубал тургузуп койуу үчүн бир бульдозер менен кара жумуш топ керек. Акырында, эски үйдү бузуп, жаңы үй курду деген сөз калат эмеспи. Мындай көз боемо чоң аракеттин пайдасынан зыяны канча эсе оор экенин мындай шашкалаң куруучулар каадасынча ойлошпойт.   

Эмне сунушталды?

10-январдагы эл добушун бетке тутуп, алда канча мурда эле старт алган жаңы баш мыйзам долбоорлоо процесси уланып, февралдын башында Жогорку Кеңешке “президенттик башкаруу системасын камсыздайт, элдин талабын ишке ашырат” делген долбоор тапшырылды. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар экенин кыскача айталы.

Бул баш мыйзам президенттик башкаруу системасы эмес, супер-президенттик башкаруу системасын орнотот. Президент аткаруу бийлигин гана жетектеп калбай, дээрлик бардык бийлик бутактарынын үстүндө турган фигурага айланат, парламенттен тартып өзгөчө сот системасына чейин. Ошону менен бирге, президентке тагылган эч кандай реалдуу жоопкерчилик тартуу механизми жок. “Бийликти да берели, жоопкерчиликти да алсын ошого жараша” дегендердин талабы жолдо калды.

Бул жагдайдын системдүү бир кесепети – азыркы доордун конституциялык түзүмүнүн өзөгү болгон бийлик бутактарынын бөлүнүүсү жана алардын өз ара баланс механизмдеринин жокко чыккандыгы. Так айтканда, президенттин күчү чексиз, бардык башка бийлик түзүмдөрүнүн күчү чектелүү жана тобокелдүү. Президент өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн каалаганча иштен алат, дайындайт, мыйзамдарды демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алдыра алат, жеке өзү референдум дайындай алат, жана дээрлик бардык бийлик жана башкаруу орундарына киши дайындоодо түз катышат. Чынында, президент дайындоолор менен иштен алуу маселелеринен башы чыкпай калуу коркунучу бар.

Ага кошо, шашкалаң жазылган баш мыйзам долбоору толгон токой юридикалык чабалдыктарды, териштире келгенде мааниси бүдөмүк болгон түшүнүктөрдү камтыйт. Өзгөчө, мындай көрүнүштөр долбоордун адам жана жаран укуктары жана милдеттери, баалуулуктар тууралуу болгон бөлүмдөрдө көп. Мындай кемчиликтер жөн гана стилистикалык ката болсо мейли эле, бирок андай эмес: ар бир мындай чаржайыт түшүнүктүн артында келечекте конкреттүү кишилер, топтор, кызыкчылыктар коркунуч алдында калууда.

Бийликтин бул демилгесин жактаган кээ бирлер, мындай сындарга жооп берип, “кыргыз элинин, мамлекетинин өзгөчөлүктөрүн эске алыш керек, батыштын үлгүлөрүн түз көчүрүү болбойт” дешет. Андай болсо, биздин коомдогу реалдуулукту эске алалы дегендер кыргыз парламенти канчалык жетелеме болоорун, прокуратура, сот жана күч органдары президенттин оозун карап калаарын, жергиликтүү бийликтер борбордук бийликти карап калаарын, билишпей калган тура. Билишсе, азыркыдай чаржайыт, президенттик тактыга  өбөктөп жазылган долбоорду колдомок эмес. 

Кантип сунушталды?

Баш мыйзам долбоорунун ичиндеги мааниси бир бөлөк, анын айланасындагы демилгелөө аракеттери бир бөлөк маселе болууда. Эгер бул реформаны демилгелеп, ишке ашыруудагы процедуралык эрежелер сакталганда, долбоор өзү да мынчалык проблемдүү болмок эмес.

Шайлоочулар ыйгарып берген мөөнөтү эбак бүтүп калган парламент чакырылышы коом үчүн мынчалык таасирдүү, кесепеттүү чечимдерди кабыл алып жатканы элди сыйлабастыктын туу чокусу чыгаар. 10-январда, президент шайлоого кошо, шашылыш түрдө референдум жарыялап, анын алкагында кыргыз элине эч түшүнүксүз, мазмунсуз эки башкаруу формаларынын бирин тандоо суроосу коюлган. Ал референдум дайындала электе эле, президенттик башкарууга багытталган бирок ашкере чийки, биринчи сыныптын студентин да уят кылчу долбоор ачыкка чыгып, аны оңдоо боюнча легитимдиги жок конституциялык кеңешме иштей баштаган.

Ал кеңешменин ишинин натыйжасы, эч өзгөртүүсүз, талкуусуз, бекитүүсүз эле эл назарына 11-апрелде болчу референдумга коюлууда. Бул референдумду дайындоо үчүн, Жогорку Кеңештин ички иштөө тартибин одоно бузуп, мыйзамдарды кароо эрежелерин унутта калтырып, камактагысын чыгарып, бош жүргөнүн  кармап, керектүү сандагы добуш камсыз кылынды.

BISHKEK, KYRGYZSTAN — OCTOBER 5, 2020: A person holds a flag of Kyrgyzstan during a protest in central Bishkek against the results of the 2020 Kyrgyz parliamentary election. Protesters consider the election results illegitimate because of mass bribery of voters by the winning parties and the use of the administrative resources by the authorities during the pre-election campaign. Abylai Saralayev/TASS (Photo by Abylai Saralayev\TASS via Getty Images)

Элдик ыңкылап болду, эл бийликти түп-тамырынан тазалоону калап кылды, адилеттүү жаңы бийлик келүүсун каалады деген убакта аброю жерден пас түшкөн депутаттар буга чейинки беш жылда болуп көрбөгөндөй элдин тагдырын чечип атканы сөз менен бааланбас. Мынчалык мыйзамды тепсөө, элдин атын ойноо, мамлекетти шылдың кылуу отуз жылдык өткөөлдө болуп көрбөгөн чыгаар.

Канткенде туура болмок?

Октябрдагы окуялардан тарта, бул айтылган процесстердин баарысы башкача болуусу туура болмок, эл мүдөөсүнө туура келмек. Утурумдук бир өкмөт дайындалып, парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек эле. Ал жаңы шайланган парламент андан аркысын өз мойнуна алса туура болмок. Албетте, мамлекетти оңдоп кетүү, өнүгүүнү, адилеттикти камсыз кылуу эч ким тарабынан кепилдене албайт. Бирок ошол аракет мыйзамдуу, легитимдүү болуусу абзел.

Башында бул жолдон бурулуп кеткенде деле, мыйзам жолунан сырт талаага түшүп алган көч кийинки убактарда деле кайра мыйзам жолуна, конституциялык жолго түшүүсү мүмкүн болчу. Азыркы кезде, конституция жок эмес, бар, ошол конституциянын негизинде жаңы президент шайланып, иштеп, жаңы жергиликтүү кеңештер шайланганы турат. Ошол сыяктуу эле, мөөнөтү бүткөн парламент чакырылышы тарап, жаңы парламент тез арада шайланышы керек эле. Конституциялык реформа мүдөөсүн ошол жаңы шайланган легитимдүү парламент өзүнө алып, сапаттуу коомдук талкуу негизинде салабаттуу баш мыйзам долбоорун алып чыкмак. Ошондой жүрүштө, ансыз да өнүгүүнүн ордуна чырдын кучагында калган Кыргызстандын кадамы кыска өмүрлүү мыйзамдардын бутасында калбай, негиздүү, узакка иштечү мыйзамдардын негизинде арылмак.

Мыйзамдуу өлкө системдүү түрдөгү мыйзам бузуу аркылуу курулбайт. Элдик мандатты жаңы алган президент жана анын командасы мандаты эчак бүткөн депутаттардын бузукулук аракеттерин пайдаланбай, тескерисинче, оңдоп кетүүгө дагы деле, аз калса да, мүмкүнчүлүгү бар.  

Бул макала ар кандай деңгээлдеги шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду менен кызматташуунун алкагында даярдалды. Макалада айтылган пикирлер үчүн автор гана жооптуу; «Жалпы иш» коомдук фонду жана «Элгезит» басылмасы бул пикирлерге кошулбоосу мүмкүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.