Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн
Аял — бул эне, уйдун куту, өмүрлүк жар. Аялсыз дүйнө караңгы. Айымдардын майрамы жаз мезгилине уйкаш болгону да алардын назиктигин, жумшактыгын, аруулугун даңазалайт. Аялды сыйлоо жана урматтоо салтына ылайык, эненин балдарды тарбиялоодого маанилүү ролун таанып билүү, үй-бүлөөнү бекемдөө, коомду өнүктүрүүгө кошкон салымы терең мааниге ээ. Ар бир жаран, жашына карабастан, эне менен болгон жан-дүйнөлүк байланышты, анын колдоосун жана сүйүүсүн сезип турат. Эненин эмгеги зор, ага канчалык ыраазычылыгыбызды билдирбейли, баары бир анын алдында өмүр бою карызбыз. Эненин сүтүн актоо кыйынга турат. Андыктан 8-март күнү эле эмес, энеге, дегеле асыл айымдарга күн сайын майрам кылып туруу зарыл.
Маркум Чубак ажы Жалилов: «бир эле жагымдуу сөз, аялды кубантат ал ошол сөзгө ыраазы болуп калат. Эгерде жубайыныз жаны кийим алса, ал ага жарашып калганын, атыр себинип калса жыпар жыттуу экенин айтып турганы да маанилүү экен айымдарга».
«Бейиш эненин таманынын астында» деген сөз эненин үй-бүлөөдөгү жана коомдогу өзгөчө орду бар экенин айгинелейт. Келечек муундун ден соолугу, балдардын билиминин сапаты, нравалык түркүктүн жана коом баалуулуктарынын калыптанышы түздөн-түз үй-бүлөөнүн бейпилдигинен, эне ден соолугунун жана билиминин деңгээлинен көз каранды.
Өлкөнүн келечек өнүгүүсү аял затынын жогорку статусун таанып билүүсүз, жана анын реалдуу абалын жакшыртуусуз мүмкүн эмес. Акыркы жылдары баарыбызга маалым болгондой, аялзаты эркектер тарабынан кордолуп келет. Алсак, мойнуна доңголок тагып, башынан суу куюп, мазактоо жолу менен аялды басынтуу эркек тараптан салтка айланып калгандай. Ал эле эмес, канчасы кызганычтан же дагы болор-болбос нерседен чыр чыгарып бул дүйнө менен кош айтышкан учурлар арбын. Кыргызстандагы абал эненин коопсуздугун, бейпилдигин, үй-бүлөөдө колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк бербей келди. Бул өзгөчө пандемия учурунда аялзатына кол көтөрүү, кемсинтүү жада калса аны өлтүрүү фактылары да болбой койгон жок. Чыр-чатактан улам, канчасы ажырашып, зөөкүр күйөөдөн кутулушту. Мындайлардын арасында аттуу-баштуулары дагы бар.
Ошондуктан бүгүнкү күнү өлкөбүздө саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана аял затынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тармактары боюнча кемплекстүү иш чаралар өтүп жатат. Андан дагы кем эмес мааниге ээ, коомдун энелерге болгон аяр мамилеси. Эң биринчиси аял затына болгон зомбулукту жок кылуу, өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү ресурсу катары аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу болуп саналат.
Байыркы Римде эле аялдар күнү матрондор (эркин аялдар) тарабынан белгиленип, марафондор өткөрүлгөн. Аларга бул күнү күйөөлөрүнөн белектер берилген жана ар кандай камкордуктар көрүлгөн. Күңдөргө дагы кожоюндары белектерди беришип, ал күнү эс алууга уруксат берилген. Римдик аялдар майрамдагыдай кийинишип, баштарына жыпар жыттанган гүлчамбарларды тагышып, Веста кудайынын храмына келип, сыйынышкан.
8-март майрамынын тарыхы
Бош мискейлердин маршы (20-кылымда бул митингди дал ушундай атап башташкан) документалдык аныктоого ээ болгон эмес, андыктан бул бир топ кийин саясий пропаганда үчүн ойдон чыгарылган деп ойлоого негиз бар. Ошондуктан, америкалык кездеме токуучу жана тигүүчү фабрикалардын жумушчу аялдарынын биздин 8-мартка эч кандай тиешеси жок деп айтсак болчудай. Бирок, немец коммунисткасы Клара Цеткин майрамдын жаралуусуна кол тийгизгендиги белгилүү (баса, Москвада жана башка шаарларда ушул күнгө чейин атын алып жүргөн көчөлөр бар). Цеткин 1910-жылы Копенгагенде Эл аралык аялдардын күнүн түзүүнү сунуштаган жана аялдардын Экинчи Эл аралык социалисттик конференциясынын катышуучуларына өзүнүн тезистерин тартуулаган. Клара Цеткиндин ою боюнча майрам — митинг жана жөө жүрүштөр үчүн эң сонун себеп болмок. Анын идеясы ишке ашты. Бир нече жылдар бою аялдар күнү ар кайсы күнү белгиленген — капиталисттик мамлекеттерде март жана май айларынын ар кайсы күндөрүндө белгиленген.
Россияда «8-март аялдардын эл аралык майрамы» расмий эмес түрдө Санкт-Петербург шаарында 1913-жылы белгиленген, бул батыш коммунист аялдарды, суфражистка, эмансипе аялдарды колдоо болгон. 1921-жылы күндү биротоло бекитишкен. Бирок, 1913-жылдагы флешмобго же бош мискейлердин маршына карап эмес, 1917-жылы 8-мартта(эски стиль боюнча 23-февралда) Петроград шаарынын аялдары бир канча митинг жана жөө жүрүш уюштуруп, тең укукту жана нанды талап кылган. Ушул эле күнү кездеме токуучу фабриканын жумушчулары жумушка чыгуудан баш тартышкан — натыйжада февраль төңкөрүшүнө алып келген. Дээрлик 45 жыл 8-март, жалпы жонунан алганда, аялдар тарабынан гана таанылган. Аялдар чогулуш уюштуруп, өзүлөрүнүн жетишкендиктери жана профсоюздардын жумушу тууралуу талкуу жүргүзүшкөн. 1965-жылдын 8-мартындагы токтом менен гана өкмөттүк деңгээлде таанылып, 1966-жылы иш күн эмес деп жарыяланган. Кийин аялдар өздөрүнүн турмушун өзгөртүүнү, эркектер менен тең укуктуулугу үчүн күрөшүүнү чечишкен. 1857-жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар шаардын көчөлөрүнө чыгышып, эмгек акыларынын төмөндүгү, эмгек шарттарынын начардыгына каршы нааразылык билдиришкен. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары б.а. тикмечилер кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан. 1909-жылы Америка социалисттик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2- эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул күн 1-жолу 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария жана Данияда, ал эми Россияда 1913-жылы өткөрүлгөн. 1914-жылы Австрия, Венгрия, Германия, Нидерландия, Швейцария, Россия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн аялдары аялдардын эл аралык күнү 8-мартты салтанаттуу майрамдоону белгилешкен (буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө марттын ар кайсы күндөрүндө белгиленген). СССРдин убагында СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылы 8-майдагы Указы боюнча аялдардын эл аралык күнү — 8-март дем алыш күн деп жарыяланган.
Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан бери белгиленип келе жатат
Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоң мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү(китепканалар), кесиптик атайын артелдер жана башка пайда болгон. Мисалы, 1925-жылы 8-мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыштагында Кыргызстандагы аялдардын алгачкы клубу ачылган. Батышта бул майрам 1930-жылы аягында иш жүзүндө унутулуп калып, феминизмдин кайра жаралышы менен 1970-жылы калыптанган. 1978-жылы аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган. Учурда аялдардын эл аралык майрамы көп өлкөлөрдө аялдардын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет. Расмий түрдө 32 мамлекеттерде таанылган.
Айрым мамлекеттерде аталган майрам улуттук майрам күнү болуп саналат. Калган КМШ өлкөлөрүндө Советтер Союзунан калган адат боюнча белгиленет. Украинада аны жокко чыгаруу келген, бирок Мыйзам калктын колдоо тапкан эмес.
Бул майрам «Эл аралык аялдар күнү» расмий макамын БУУнун чечими менен 1975-жылы алган, ошол мезгилден тартып, БУУ тарабынан Эл аралык аялдардын өз укугу үчүн күрөшүү күнү катары белгиленет жана жыл сайын ар башка темага арналат.
Бул күнү улуттук чек ара же этникалык, тил, маданият, экономика, саясат жактан бөлүнгөн бардык континенттердеги аялдар бирге чогулушуп, өзүнө теңчилик, адилеттүүлүк, тынччылык жана өнүгүү үчүн күрөшүүнүн бир канча ондогон жылдарын камтыган салтты эстөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Байыркы Грецияда Лисистрата согушту токтотуу максатында эркектерге каршы сексуалдык иш таштоо уюштурган; Франциядагы төңкөрүш мезгилинде эркиндикти, теңчиликти, биримдикти талап кылып жаткан париждик аялдар өз укугун талап кылуу максатында Версаль шаарына марш уюштурушкан.
Клара Цеткин менен Роза Люксембургдун тагдырлары
8-март майрамынын авторлору Клара Цеткин менен Роза Люксембург коммунисттер болушкан. Клара айымды партиялаштары «дикая Клара» деп аташчу. Мындай атагандары анын болуп, ойго келбеген кадамдарга барганынан улам келип чыккан. Расмий документтерге анын эмне кылгандары тууралуу эч нерсе жок, бирок 1920-жылдагы Россия менен Польшанын ортосундагы пикир келишпестиктен улам, Польшанын заводдоруна бара жаткан ок атуучу куралдар жана станоктор чек араны кесип өтпөш керек деген. Ал муну Рейхстагдын жогорку трибунасынан айткан. Ал ошондой эле аскер адамдарына аялдар «сүйүүсүн тартуулашсын» деген. Ушундай эле пикирде ал жакын курбусун өзүнүн баласы жактырып калганда каршы чыккан эмес. Уулу Константин Роза Люксембургдун угууларына катышып жүрүп, аны жактырып калган.
В 1907-жылы 22 жаштагы Клара Цеткиндин уулу Константин Розы Люксембург менен жакын мамиле кура баштайт. Экөөнүн ортосу 15 жаш болсо дагы, Цеткин буга каршы чыккан эмес. Бирок эки курбулардын ортосу сууй баштайт.
Клар Цеткиндин өз фамилиясы Айсснер, ал эми Цеткин деген фамилияны ал биринчи жубайынан алган. Ал революционер — Осип Цеткин болгон. Аны менен 7 жашап, нике расмий катталбаса да анын фамилиясын алган.
1897-жылы жолдошу каза болгондон кийин 40 жаштагы Клара искусство Академиясынын студентин жактырып калат. Ал сүрөтчү Георг Фридрих Цундель болгон. «Партайгеносстон» 18 жаш кичүү болсо да экөө үйлөнүү той беришет.
Көп өтпөй Цундель портреттерге көп сунуштама ала баштайт. Гонорарга эки жубай үй алып, 1906-жылы унаага да ээ болушат. Тилекке каршы, 1914-жылы Клара менен Георг ажырашып кетет. Ошол убакта дагы Цеткиндин уулу Роза менен эки ажырым жолго түшкөн болот. Эки курбу кайра жолугуп башташат.
Ондогон жылдар бою Клара ажырашуу барагына кол койбой, сүрөтчүнү бушайман кылган. Кийин ал расмий кол койгондон кийин Цундель – Паула Бошко расмий үйлөнөт. Паула атактуу электротехникалык концернди негиздеген адамдын кызы болгон.
Роза Люксембург 1919-жылы Карла Либкнехт менен бирге митинг уюштургандыгына байланыштуу атайылап өлтүрүлөт. Немец граждандыгын алуу максатында ал жаш чагында эле немец кайзери Густав Любекке фиктивдүү никеге турат. Бирок 9 жылдан кийин, Роза Константин Цеткинге турмушка чыгат.
Люксембург Константин Цеткинди катуу сүйгөндүктөн, кийин ал турмушка чыккан эмес.
Айрым фактылар tyup.net жана «Московский Комсомолец» басылмасынан алынып которулду
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.