Марс Жусупбеков Бишкектин №1 Тергөө абагынын жетекчиси кызматында 4-марттан тартып кайра иштей баштады.
Анын кызматы узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин калыбына келтирилгенин адвокат Икрамидин Айткулов «Азаттыкка» билдирди. Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан да ырасташты.
Жусупбеков 2013-жылы №1 тергөө абагын жетектеп турганда «мыйзамсыз иштерге жол берген» деген киненин негизинде кармалган. Кылмыш кодексинин 304-беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», 305-беренеси («Кызматтык абалынан аша чабуу») менен айыпталган.
Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2014-жылы төрт жылга жатак абакка кескен.