Өмүрбек Текебаев мандатынан кайра ажыратылды, чечим акыркы жана даттанууга жатпайт

Окуялар тизмеги 03 Мар 2021 14:10
0 ой-пикир

Кыргызстандын Жогорку соту 3-мартта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаттын кайтарылып берилишине байланышкан ишти карады. Кабыл алынган чечим акыркы жана даттанууга жатпайт. Муну менен Өмүрбек Текебаев мандатынан кайра ажыратылды.

Саясатчы 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына наразылык акциялары жапырт баш-аламандыкка айланып, бийлик алмашкандан кийин кайрадан депутат болгон.

Бирок жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге «мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган» деген негизде сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту БШКнын мандатты кайтаруу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.

Ал арада «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга арыз жазган. Боршайком арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырып, ага мандат берилген.

БШК Текебаевге депутаттык мандатты кайтарып берүү мыйзамдуу болгонун белгилеп, быйыл 5-февралда Жогорку сотко даттанган. 3-мартта соттун жогорку инстанциясында ушул арыз каралып, канааттандырылган жок.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.