Алмаз БАРАТОВ — атайын Elgezit.kg үчүн
Кыргызстанда шайлоо марафону бүтө элек. Акыркы жарым жылда өлкөдө Жогорку Кеңешке шайлоо болуп, анын жыйынтыктары жокко чыгарылды, андан соң президенттик шайлоо жана референдум болду. Бир жарым айдан соң жергиликтүү кеңешке шайлоо жана дагы бир референдум болот, андан кийин парламенттик шайлоо.
11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештин шайлоосунда кыргызстандыктар 448 кеңешке талапкерлерге добуш беришет – 28 шаардык кеңешке жана 420 айылдык кеңешке шайлоо болот.
Эксперттер алдыда боло турган кампания парламенттик шайлоо алдындагы старт деп келишет, анда айылдык округдарда кландар кандай биригип, ким кимди колдоп, ресурстар кандай бөлүнөрү белгилүү болот.
Бишкектеги, Оштогу жана башка борборлордогу, ири райондордогу шайлоого өзгөчө көңүл бурулат.
Бишкек кимдердин арасынан тандоо жасайт?
Борбордогу ат салышуу өтө катуу болчудай. Жеңиш Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо ага катышкан партиялардын мындан аркы саясий тагдырын чечет. Бишкек шаардык кеңешине өткөн талапкерлер парламенттик кампаниянын тизмесине кирүү үчүн аракет кылышат. Алар менен сүйлөшүүлө башталат ж.б.
Садыр Жапаровдун партиясынын жергиликтүү дагы, парламенттик дагы шайлоо кампаниясына катышуудан баш тартканын бийлик шайлоого кийлигишпейт деген белги катары кабыл алсак болот. Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого Камчыбек Ташиевдин “Ата Журт” партиясы жана бийликтин партиясы катары саналып жаткан “Мекенчил” партиясы дагы барбайт өңдөнөт. Бул партиялар БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чыгарып алышкан.
27-февралга карата Бишкек шаардык кеңешине катышуу үчүн 26 партия арыз берген. Кыргызстандын коммунисттер партиясы жана “Эмгек” партиясы 50 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн дагы төгүүгө жетишишкен. Бирок арыз берген бул партиялардын арасы суюлушу мүмкүн. Эксперттер шайлоого 10-15 партия аттанат деп божомолдошууда.
Сүйүктүүлөр жана аутсайдерлер
Ат салышуунун сүйүктүүлөрүн шарттуу түрдө гана аныктоого болот. Акыркы күндөрү бир катар партиялык съезддер, конференциялар өттү. Алар партиянын олуттуулугунан, жакынкы шайлоо кампаниясына канчалык даяр экендигинен кабар берет.
Кайда өткөрүштү, кимди чакырышты, маалымат айдыңында кандай чагылдырышты, баары, майда-чүйдөсүнө чейин маанилүү. Бул иш-чарада делегаттардын сүйлөгөн сөзүнө караганда, иш-чара кандай өткөнү тууралуу көбүрөөк талкуу болот.
Алгачкылардан болуп, 13-февралда Салымбековдордун кланынын “Эмгек” партиясы съездин өткөрдү. Съезд катардагыдай эле, жөнөкөй өттү. Делегаттар жаңыланган саясий кеңешке добуш беришти, Ырысбек Мааткабыловду партиянын төрагалыгына шайлашты. Ал 2003-жылы 30-июндан 1-июлга караган түнү өз үйүнөн өлтүрүлгөн Аскар Салымбековдун агасы Шаршенбай Мааткабыловдун баласы. Ырысбек Мааткабылов Бишкектеги Ленин районунун башчысы болчу жана борбордун мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеп келген.
Партиянын саясий кеңешине Аскар Салымбековдун жээни Жумабек Салымбеков да кирди. Ал “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти жана эки жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.
27-февралда “Эмгек” Бишкекте партиялык конференция өткөрдү, анда негизги баяндамачы катары Аскар Салымбеков сөз сүйлөп, жергиликтүү кеңешке катышуу үчүе 75 талапкерден турган тизме бекитилди.
25-февралда эки партия съезд өткөрдү. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы “Асанбай-борбордо” ири иш-чара уюштурду, ал эми “Реформа” партиясы болсо делегаттарын “Европа” ресторанына чакырган.
Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы тизмесинде медиага тиешеси бар адамдар бар үчүн жана бул партияны экс-мэр Азиз Суракматов колдоп, саясий кеңешке киргени үчүн прессанын көңүлүн бура алды. Партиянын төрагасы болуп шайланган Артур Медетбековдон сырткары съездге Азиз Суракматов, Марат Султанов, Чолпон Жакупова, Джаныбек Бакчиев, Темир Сариев да катышышты. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын тизмесине Кубанычбек Конгантиев, Виктория Мозгачева, Илим Карыпбеков, Таалайбек Дайырбеков, Гуля Алмамбетова ж.б. белгилүү кишилер кирген.
“Реформанын” съезди тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе. ММКлар “реформачылардын”съездин көңүл сыртында калтырышты. Бирок бул партияда президенттик жарышка аттанган 3 талапкер бар жана алардын добуштарын бириктиргенде 2%га жетет. Эми бул үч киши партияда орундарды кандай бөлүшкөнү белгилүү болду. “Реформа” партиясынын жүзү Аймен Касенов болсо, тизмеде экинчи болуп Клара Сооронкулова, ал эми үчүнчү болуп Эльдар Абакиров шайлоого аттанышкан.
Ошол эле күнү 25-февралда “Орион” мейманканасында “Ыйман Нуру” партиясынын конференциясы болду. Нуржигит Кадырбеков жетектеген бул партия былтыр парламенттик шайлоого катышып, жаңы партия экенине жана үгүт иштерин жүргүзүүдө салттуу ыкманы колдонбогонуна карабай жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн. Эксперттер бул уюмдун сыры даават принциби менен үгүт иштерин жүргүзүүдө деп санашат. Партиянын тизмесинин сап башында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын төрагасынын орун басары Аскарбек Күрүчбеков турат.
Матраимов менен байланыштырып жатышкан “Ынтымак” партиясы 27-февралда съезд өткөрүп, төрага катары Марлен Маматалиев шайланды. Маматалиев
парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 7-орунда турчу, акыркы кездерде ал журналисттерше “Ынтымак” партиясы Райым Матраимовго эч кандай тиешеси жок экенин жана башка булактардан каржыланарын айтып келди, бирок коомчулук “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деп келет.
Нармина Түлеев да “Ак-Бата” деп аталган партиясын шайлоого алып чыгат өңдөнөт. Бирок партия съез, конференция өткөрө элек экенине карабай Түлеев ММКларда бир нече пиар-макалаларды жарыялаган. Анда мурдагы мэр шаардык бийликти кайрадан жаңылоо керектигин билдирген.
Ал эми тарыхы бар «Ата-Мекен», «Республика», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары тууралуу азырынча эч нерсе билине элек, бул партиялар БШКга арыз бергени менен эч кандай активдүүлүгүн көрсөтүшкөн жок. Эксперттер “Ата Мекен” жана “Кыргызстан” шаардын деңгээлинде мандат үчүн күрөшпөйт деген пикирде. Ал эми «Республика» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларын добуш берүүчү бюллетенден көрүп калышыбыз мүмкүн.