1956-жылдын 25-февралында Никита Хрущев КПССтин XX съездинде трибунадан Иосиф Сталинди сындап, “жашыруун” докладын окуган. Партиянын Борбордук комитетинин биринчи секретарынын төрт саатка созулган сөзү залдагы делегаттарды таң калтырган. Докладдын үзүндүлөрү элге жеткенде советтик коомчулук азыркы абалды колдогондор жана режимди демократизациялоого ишенгендер болуп экиге бөлүнүшкөнүн «Газета.ru» жазып чыкты.
КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Сергеевич Хрущев
“Жеке адамдын керт башына сыйынуу жана анын кесепеттери” деген жашыруун доклад КПССтин XX съездинин күн тартибинде жок эле, ал негизги сессия аяктагандан кийин, кошумча жыйында окулган. Съезд партияны жетектөө органдарын шайлоо менен аяктаган. Президиумдун жаңы мүчөлөрүнүн тизмеси жарыяланардан мурда КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Хрущев бардыгын кечинде боло турчу жабык жыйынга чакырган.
1956-жылдын 25-февралына караган түнү ал залда отурган делегаттардын көбүнүн алдында күтүүсүдөн эле трибунага чыгып, сөз сүйлөп баштаган. Академик Петр Поспелов жана “Правда” гезитинин башкы редактору Дмитрий Шепилов тарабынан даярдалган докладды Хрущев төрт саат окуган. Бул докладдын зарыл экенин биринчи катчы КПСС БКнын башка мүчөлөрү менен талашып-тартышып жатып далилдеген.
Жыйын жабык болуп, ал жактагылардын баарына бул жашыруун экени тууралуу маалымат берилгени менен, айтылгандардын көбү элге бат эле тарап кеткен.
Партиянын жана Өкмөттүн көрүнүктүү ишмери Анастас Микоян көп жыл өткөндөн кийин “Так было” деген мемуарында XX съездге докладды ал сунуштаганын жана аны Поспелов окуганын каалаганын жазган.
Анастас Микоян жана Иосиф Сталин, 1925-жыл
«Бирок докладды биринчи катчы жасаш керек деген Хрущев туура кылса керек. Мен баарыбыз комиссияга киришибиз керек экенин сунуштагам. Бирок бул жерде да Хрущев туура кылган окшойт, биз Сталинге жакын болгондуктан биз комиссияга кирбей эле коюубуз керек экенин айткан. Кандай болгон күндө дагы демократияны кайра жандантып, мыйзамдуулукту орнотуу үчүн Сталиндин кылмыштарын ачып, партияны, жалпы эле коомду жакшыртуу керек эле”,-деген Микоян.
Башында Хрущев Иосиф Сталиндин өлүмүнөн кийин партиянын БКсы “марксизм-ленинизм рухуна жат бир адамды көтөрмөлөөгө жол берилбестигин, бир адамды өтө кыйын кылып көрсөтүп, Кудайга теңөөгө жол берилбестигин түшүндүрүү иштерин” жүргүзгөнүн белгилеген. Баяндамачы алдына Сталиндин өмүрүнө жана чыгармачылыгына ар тараптуу баа берүү милдетин койбогонун, ошол эле учурда маркум лидердин инсандык сапаты кандайча өнүккөндүгүн айтып берүүнү зарыл деп эсептегенин белгилеген. Хрущевдун айтымында, белгилүү бир этапта ал партиялык принциптердин, партиялык демократиянын жана революциялык мыйзамдуулуктун бир катар ири бурмалоолорунун булагына айланган.
Андан соң Хрущев Карл Маркстын жана Фридрих Энгельстин эмгектериндеги цитатага кайрылып Владимир Ленин “төңкөрүштүн эң жөнөкөй генийи” экенин белгилеп, “керт башка сыйынууну сындап” келгенин эске салган.
Хрущев баяндамасында эки “каарманды” – “жакшы” Ленинди жана “жаман” Сталинди карама каршы койгон. Ал угуучуларга Ильич Сталинди оройлугу үчүн партиянын башкы катчылыгынан кетирүүнү каалагандыгын жана 1922-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жемелегенин эскертип өткөн. Ошол эле жылы Надежда Крупская Лев Каменевге Сталиндин өзүнө карата «орой мамилесин» айтып даттангандан кийин, Ленин Сталинден кечирим суроону талап кылып, болбосо мамилени үзөрүн айтып, коркутканын дагы белгилеген.
КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Сергеевич Хрущев, 1956-жылы Кремлде өткөн Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын ХХ съездинде сүйлөп жатканы
“Жолдоштор! Мен бул документтерге комментарий бербей эле коеюн. Алар өзү эле баарын айтып турат. Эгерде Сталин Лениндин көзү тирүү кезинде өзүн ушундай алып жүрсө, Лениндин ишенимдүү досу болгон, партия мыкты адам катары билип, жогору баалаган, партиябыз түптөлгөндөн бери партиянын иштери үчүн активдүү катышкан Крупскаяга ушундай мамиле кылса, анда Сталин башка кызматкерлерге кандай мамиле кыларын элестетип коелу. Анын терс сапаттары акыркы жылдары күч алып, чыдоого мүмкүн болбой калган”,- деген Хрущев съезддин делегаттарына.
Анын пикиринде, Лениндин убагында Сталиндин жаман сапаттары пайда болуп, кийин өрчүп, партияга зыянын тийгизип баштаган.
Докладдын кийинки пункту 1934-жылы өткөн ВКПнын XVII съезди болду, аны “Атууга кеткендердин съезди” деп да атап жүрүшөт (делегаттардын жарымынан көбү репрессияланган). Хрущев коммунизм ишине берилген, партиянын чынчыл ишмерлери жана катардагы кызматкерлери Сталиндин “деспотизминин” жабырлануучулары болгонун белгилеген.
Чындыгында, Хрущев Сталиндин жакшы тараптарын да белгилеп кеткен. Хрущевдун пикиринде, троцкисттерге, бухарларга жана буржуазиялык улутчулдарга каршы ийгиликтүү күрөш жакшы тарабы болгон. Бирок 1937-1938-жылдардагы “ленинизмге каршы чыккандарга”, кийин “чынчыл коммунисттерге” карата болгон массалык репрессияны ал мыйзамсыз деп санаган.
“Сталин “Эл душманы” деген түшүнүк киргизди. Бул термин адамдын идеясынын туура эместигин эч кандай далилсиз эле сындап, Сталин менен макул болбогондорду эч кандай далилдерсиз эле репрессиялоого жол ачуу менен мыйзамдуулуктун нормаларын бузган”,-деген Хрущев.
Ал улам-улам Ленинге кайтып, анын ишин идеалдуу атап, аны идеалдуу коммунист-жетекчи деп сүрөттөгөн. Ошол эле учурда, белгилүү адамдарга карата репрессиялык чараларды колдонулган учурларды да эске салып турган.
Владимир Ильич Ленин жана Иосиф Сталин
Хрущев Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы катачылыктарды дагы эске салган: “Сталиндин жеке бийлиги өтө оор кесепеттерге алып келди”. Залда отургандар Сталин гениалдуу колбашчы эмес, чечкинсиз жана жөндөмсүз адам болгонун билишти.
Ошондой эле докладда немистер менен кызматташкан деп айыпталган кавказ элдеринин депортацияланышы үчүн, югославиялык лидер Иосипом Броз Тито менен болгон конфликт үчүн Сталиндин жоопкерчилиги белгиленген. Хрущев «Ленинград иши» боюнча камакка алынып, өлүм жазасына тартылгандарды күнөөсүз курмандыктар деп атады.
«Сүйүктүү жол башчы» эми өлкөнү экономикалык кыйроого алып келген канкор диктатор образында көрсөтүлдү. Жыйынтыктап айтканда, КПСС БКнын биринчи катчысы «“Жеке адамдын керт башына сыйынууну биротоло жок кылуу» үчүн зарыл шарттарды санап өттү.
Доклад окулуп жатканда залда отурган тарыхчы, Россия Илимдер академиясынын академиги жана Кайра куруунун демилгечилеринин бири Александр Яковлев ал күндү “залда тынчтык өкүм сүрүп турду” деп эскерген. Отургучтардын кыйчылдаганы, жөтөл, шыбыр, эч нерсе угулган жок. Күтүлбөгөндүктөнбү, коркууданбы, айтор эч ким бири-бирин караган жок. “Ойго келбегендей таң калуу” болду.
Доклад боюнча талкуу ачылган жок, болгону тогуз саптан турган резолюция менен чектелди.
Делегаттар докладдын жобосун жактырып, аны партиялык уюмдарга жөнөтүп, бирок ачык жарыялабоо керектиги тууралуу токтом кабыл алды. Марттын аягында Хрущев докладды ачыктоо керектиги тууралуу буйрук берди – анын үзүндүлөрү партиялык чогулуштарда айтылып, совет жарандарын таң калтыра баштады. Достору жана тааныштары аркылуу докладдын маани-маңызы көптөгөн кишилер биле башташты. Партия БКсы бул маселеге июнь айында кайтып келип, “Жеке адамдын керт башына сыйынууга жана анын кесепеттерине каршы туруу” тууралуу токтом кабыл алды, анда бийликтин позициясы жазылган эле.
«Бардык жакта – үйдө, жумушта, ашканаларда, метродо Сталин тууралуу кеп кылып калышты. Бир москвалык экинчисине “Кандай ойлойсуңар?…” деп суроо бере башташты. Тамактануу учурунда үй-бүлө башчысы жыйналышта уккандары тууралуу айтып бере башташты. Балдар угуп жатышты. Алар Сталин акылдуу деп билишчү, бирок күтүүсүздөн Сталин өзүнүн жакын досторун өлтүргөнүн, ал Гитлердин сөзүнө ишенгенин билип башташты”,-деп эскерет жазуучу Илья Эренбург.
Өзүнүн доклады менен Хрущев СССРдин биринчи адамынан жана анын айланасындагылардан кол тийбестикти алып салды. Коркуу системасы жана жогору жактарга ишенүү керек деген сокур ишенимдер кыйрады.
«Сталиндин репрессиялары тууралуу фактылар өтө таң калтырды. Биздин арабыздан эч ким анын жаман иштеринин масштабы тууралуу билген эмес жана элестете да алчу эмес. Ал убакта жабырлануучулар тууралуу толук чындык айтылган жок, бирок бизге жеткен маалыматтар эле жан дүйнөбүздү бир топ жабыркатып койду”,-деген Хрущевдун кеңешчиси Федор Бурлацкий.
Доклад эл аралык коммунисттик кыймылдын экиге бөлүнүүсүнө жол ачты. Бир катар партиялар, анын ичинде кытайлыктар жана албандыктар Хрущевду “ревизионизмге” аракет кылган деп айыпташты.
1956-жылдын 5-мартында Сталин дүйнө салганына үч жыл болгондо Тбилисинин студенттери маркумдун монументине гүл коюу үчүн чыгышты. Ал Хрущевдун XX съездде сүйлөгөн сөзүнө каршы акцияга айланды. Нааразычылыктар жана митингдер 5 күн бою токтогон жок. 9-март күнү кечинде совет армиясынын танктары чыкты.
Тбилиси, 1956-жыл
1956-жылы 4-июнда “Жеке адамдын керт башына сыйынуу жана анын кесепеттери” доклады англис тилине которулуп, АКШда жарыяланды. Айрым маалыматтарга ылайык, бул маалымат Польшалык коммунисттер аркылуу тарап кеткен. СССРде болсо толук текстти 1989-жылы гана жарыялашты.
Автор: Дмитрий Окунев