Ийгиликтүү бизнесмен, долларлык миллионер, 100дөн ашуун компаниялардын акционери, коомдук ишмер жана “Жөнөкөй чечимдер кеңсесинин” негиздөөчүлөрүнүн бири (Михаил Саакашвили менен бирге) «Маргулан Сейсенбаев бир нече күндөн бери Бишкекте. Биздин бизнесмендер үчүн бир катар семинарларды, депутаттар үчүн мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча мастер-класс өтүп, блогерлерге товарларды жана кызматтарды онлайн-платформада сатуу боюнча тренингдерди өттү.
Маргулан Сейсенбаев өз пландары тууралуу Elgezit.kg редакциясына айтып берди.
Сотторду жана бажыны реформаласа, 3 жылда экономикалык секирик жасоо мүмкүн
— Маргулан Калиевич, сиз бир нече күндөн бери Кыргызстанда жүрөсүз, депутаттар менен, эксперттик коом менен, бизнес өкүлдөрү жана медиа коомчулук менен жолугушууларды өткөрдүңүз. Өлкө тууралуу кандай ойдо калдыңыз?
— Мындай жооп берейин: Кыргызстан өнүгүшү керек. Чечилбеген көйгөйлөр көп, масштабдуу реформаларды жасап, адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүү зарыл. Мисалы, силердин борборуңар Бишкектин көрүнүшүн кооз, креативдүү кылып оңдосо эмнеге болбосун? Себеби буга көп каражат деле керек эмес да.
— “Жөнөкөй чечимдер кеңсеси” Кыргызстанга жардамга келеби?
— Эгерде өлкө жетекчилиги биз менен кызматташууну кааласа, биз ар дайым даярбыз. Кыргызстанда “Кеңсенин” өкүлү бар, ал Жапаров Усен, кайдыгер карабаган кыргызстандыктар да бар. Биз реформалоо боюнча эксперттерди жөнөтүүгө, ыктыярчы катары иштешүүгө даярбыз. Дүйнөдө демократияны, сөз эркиндигин, адам укуктарын ж.б. коргогон ар кандай уюмдар бар экенин белгилеп кетейин. “Жөнөкөй чечимдер кеңсеси” өлкөлөргө реформа жүргүзүүгө жардам берет, биздин негизги максатыбыз ушул.
—Михаил Саакашвили Кыргызстанга келеби?
— Михаил Саакашвили Кыргызстанга келип, реформаторлук тажрыйбасы менен бөлүшүүгө каршы эмес. Бирок кыргызстандык бийлик мындай сапарга бир аз кооптонуу менен мамиле кылары белгилүү. Саакашвилиден, анын реформаларынан кооптонушпайт, Россия Федерациясынын реакциясынан кооптонушат. Кыргызстан Россиядан көз каранды экенин, ал өлкө сиздердин республикалык бюджетке субсидия берип, жардам берип жатканын түшүнөбүз. Биз Кыргызстан менен Россия ортосундагы кызматташтык жакшы тарапка өнүгүүсүн колдойбуз. Биз антироссиялык пропаганда жүргүзөлү деген оюбуз жок. Биз болгону Кыргызстанда кардиналдуу реформалар жүрүп, экономиканын, кыргызстандыктардын жашоосунун жакшыруусун гана каалайбыз.
Россия жетекчилиги реформаларды дайыма эле колдой бербегени башка кеп. Көпчүлүк учурда Азия өлкөлөрүндө диктатордун башкаруусу Кремль үчүн пайдалуу. Алар менен сүйлөшүү дайыма жеңил жана өлкөнү башкаруу оңой. Ошол эле учурда силер эмнеге дайыма Россиядан жардам сурайсыңар? Себеби Кыргызстанда реформалар жок, коррупция экономиканын өнүгүүсүнө тоскоол болууда. Силер Россиянын жетегинде кала бересиңерби же реформа өткөрүп, бюджетиңерди өзүңөр толтуруп, көз каранадысыз болосуңарбы өзүңөр чечесиңер.
Бюджетиңер бош кезде дайыма бай коңшулардан: Россиядан, Казакстандан көз каранды болосуңар.
— Сиздин оюңузча, Кыргызстанда биринчи кезекте кандай реформа жүргүзүү зарыл?
— Кыргызстандык саясатчылардын көбү экономикалык реформалардан – салык системасынан, уруксат кагаздарын жана лицензиядарды берүүдөн башташ керек дегенди уктум. Мунун баарын кое туруп, биринчи кезекте мамлекеттик бюджетти бат толтурууга жардам берген реформаларды жасоо керек деп эсептейм. Ал үчүн акча кайсы тармакта көп уурдаларын аныктоо зарыл. Кыргызстанда бул бажы тармагы.
Мисалы, Кытайдын маалыматына ылайык, 2019-жылы Кыргызстанда 6,3 млрд доллар өлчөмүндө товар экспорттолгон. Ал эми Кыргызстандын бажысынын маалыматына ылайык, бул сумма болгону 1,7 млрд долларды түзөт. Ортосундагы айырмачылыкты, 4 млрд долларды коррупция “жеп койгон”. Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматтарынын маалыматтарында дагы 2 эсе айырмачылык бар.
Бажы тармагын тартипке келтирүү үчүн укук коргоо органдарын реформалоо зарыл. Алар таза иштебеген бажы кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуусу керек. Күч түзүмдөрүн тартипке келтирүү үчүн сот системасын реформалап, күчтүү, көз карандысыз сот системасын түзүү керек. Соттор көз карандысыз болсо укук коргоо органдары таза бизнесмендерге, саясий оппоненттерге жалаа жаба алышпай калат, себеби соттор аларды актап коюшат. Ошондуктан Кыргызстандагы негизги реформа, көз карандысыз сот системасын түзүү. Ошондуктан менин жообум: алгач экономикалык эмес, саясий-укуктук реформаларды жүргүзүү керек. Биринчиси – сот реформасы, экинчиси – укук коргоо органдарынын реформасы, үчүнчү – бажы тармагын реформалоо.
Ушул үч тармакта туура реформа жүргүзсө, үч жылда кыргызстандыктар өлкөдө өзгөрүү болгонун сезе алышат деп ишенимдүү айта алам.
Кыргызстанда реформа жүргүзүү үчүн күчтүү президенттик бийлик керек
— Саясий-укуктук реформаларды биз баштадык. Өзүңүз билгендей жакында жаңы Конституция кабыл алынганы турат. Коомчулук өлкөнү башкаруу формасы боюнча талаш-тартышты токтото элек. Сиздин оюңузча азыр Кыргызстанга президенттик же парламенттик башкаруу формасы туурабы?
— Кардиналдуу реформаларды жүргүзүү көз карашынан карасак, Кыргызстанга күчтүү президенттик бийлик керек. Аткаруу бийлиги президенттик колунда болушу керек, ал реформаларды өткөрүүгө жоопкерчилик алуусу зарыл. Анткени реформаларды жүргүзүү сөз бойдон калып, аны ишке ашыруу мүмкүн болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттин башында бир адам — мамлекет башчы туруусу зарыл. Бул жагынан алганда парламенттик республика өзүн актабайт, ал реформалар жүрүп, аны жакшыртуу керек болгондо керек. Фундаменталдуу реформаларды жүргүзүү үчүн коомчулуктун ишенимине ээ болгон, күчтүү президенттик бийлик зарыл.
— Көпчүлүк саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү президенттик бийликтин чыңдалышы суперпрезиденттик республиканын, ал тургай, диктатуранын орношуна алып келиши мүмкүн деп чочулашууда…
— Албетте мындай коркунуч бар. Мындай тарыхый учурларда тобокелчилик дайыма болот жана кыргызстандыктар же президентке ишенип, ага толук ыйгарым укук бериши керек же ишенбеш керектигин чечиши керек. Бирок мен Грузиянын, Сингапурдун тажрыйбасын активдүү изилдеп чыктым, ал жактарда “билимдүү диктаторлор” реформа жасашкан. Бул термин билим менен эч кандай байланышпайт, бул эл президентти активдүү колдоп, президент өз кезегинде шайлоочулардын талаптарын аткаруу үчүн бардык бийлигин колдонот дегенди билдирет. “Билимдүү диктатор” реформа жүргүзбөсө эл ичинде популярдуулугун сактап кала албасын, эл аны тактан алып түшөрүн билет. Ошондуктан элдин активдүүлүгү – негизги фактор. Эгерде эл өзүн пассивдүү көрсөтсө, анда кадимки эле диктатор болуп калат деген тобокелчилик бар.
— Садыр Жапаровдо “билимдүү диктатор” болууга мүмкүнчүлүк барбы?
— Чынын айтсам мен анын ишмердүүлүгүн тереңден изилдеген жокмун, бирок биринчи көргөн кишиге Садыр Жапаровдо харизма бар экенин байкалат. Бул анын сүйлөгөн сөзүнөн билинүүдө. Биз ар түрдүү аналитиктер менен бул темада сүйлөшкөнбүз, анын ичинде Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили менен дагы. Кыргыз эли Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары тууралуу эмне деп жазылганын окубайт деле экен деген чечимге келдик. Эгерде кыргызстандыктарга президент жакпаса, алар аянтка чыгып, кууп салышат экен. Бул жагынан алсак, сиздерде диктаторлорго каршы иммунитет бар.
—Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы биринчи кадамдарына кандай баа бересиз?
— Жыйынтык чыгарууга азыр эрте, ал кызматта отурганына аз эле болду. Көпчүлүк алдыдагы конституциялык реформа боюнча кооптонуп жатышканын окуп жатам. Менимче, Конституцияны өзгөртүү – бул коркунучтуу эмес, Баш мыйзамды кайра өзгөртсө болот. Мамлекет башчысы президенттик шайлоого шайлоочулардын аз келгенинен чочулашы керек. Эгерде ушундай боло турган болсо, эл шайлоо процесстерине көңүлкош мамиле жасай берсе, анда бул өтө олуттуу чакырык. Анткени көңүл коштук менен көңүл калуунун ортосундагы аралык бир кадам. Демек, Садыр Жапаров үчүн президенттин биринчи жылы абдан маанилүү, ал реалдуу жыйынтыктарды көрсөтүп, реформаларды башташы керек. Балким, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү аргасыз чара болушу мүмкүн, анткени Садыр Жапаров жамааттык жоопкерчиликсиздик, анархия, кландык демократия ага реформаларды жүргүзүп, өлкөнү кризистен алып чыгууга жол бербестигин көрүүдө.
Силерде да өзүңөрдүн Илон Маск пайда болушу мүмкүн
— Сиз ири ишкер жана инвестор катары Кыргызстанда кандайдыр бир долбоорду ишке ашырат белеңиз?
— Мамлекетке инвестиция тартуунун кажети жок. Мамлекет экономикага такыр катышпашы керек, анткени мамлекеттик институттар натыйжасыз. Мамлекеттин милдети — көз карандысыз сотторду камсыз кылуу жана өлкөдө жагымдуу шарттарды түзүү. Мындай шартта инвесторлор өзүлөрү өлкөгө агылып келишет, анткени алар ушул жерден таза иштеп, акча тапканга мүмкүнчүлүк алышат. Инвесторлор өлкөгө жагымдуу шарттарды түзүп берет: бизнес коомчулуктар түзүлөт, маданий, билим берүү, IT жана башка тармактар өнүгүп, адамдар тажрыйба алмашып, кызматташтык түзүп, квалификациясын жогорулатат. Эмне үчүн түштүк африкалык Илон Маск аттуу жигит ушунчалык ийгиликтүү? Себеби ал АКШга көчүп келип, Силикон өрөөнүндө иштей баштаган. Кыргызстанда адамдардын потенциалы жогору экенин көрдүм, бизнесмендердин арасында негизги билими жана жөндөмү Илон Масктан кем калбаган адамдар бар экен. Эгер алар Силикон өрөөнүнө эрте кетишсе, анда алар да ийгиликке жетишмек.
Идеалында, ар бир мамлекет ыңгайлуу шарт түзүп бериши керек. Ошондо, Кыргызстанда өзүнүн Илон Масктары пайда болуп, өлкө экономикасы тездик менен өнүгө баштайт.
— Азыр Кыргызстанга эч кандай инвестиция салбайт белеңиз?
— Азырынча бул жакта көз карандысыз соттор жок, ошондуктан андай пландарым жок. Жапар Усеновдун сунушу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар үчүн мультфильм тартуу боюнча долбоорду ишке ашырууга катышайын деп жатам. Ошондой эле 15-18 жаштагы балдар үчүн интернетте атайын окутуучу каналды ишке киргизгени жатабыз, ал жакта балдар бизнесин түптөөгө үйрөнүшөт, мисалы, сагыз же кола сатуудан. Бирок бул Кыргызстанга инвестиция эмес, бул интернет-долбоор.
— Мына сиз айылда туулуп-өскөн, бирок өз эмгегиңиз менен болуп көрбөгөндөй бийиктикке жеткен адамсыз. Ийгиликке жетүү үчүн бирдиктүү рецепт жок экени түшүнүктүү, бирок айрым негизги көрсөтмөлөр бар да. Бөлүшө кетпейсизби?
— Ийгиликке жетүү үчүн төрт нерсе маанилүү: Биринчиси: Аракеттердин саны. Ката кетирүүдөн коркпоңуз. Канча куласаңыз, ошончо жолу туруңуз. Бул сизди күчтөндүрөт, тажрыйба берет. Эң башкысы өзүңө болгон ишенимди жоготпоо керек. Кийинки аракет ийгиликтүү болот деп ишенип коюңуз. Бир дагы миллионер биринчи жолкудан эле ийгиликке жеткен эмес.
Экинчиси: Ыңгайлуу шарт. Бул тууралуу көп эле айтканбыз. Сизден кыйын адам менен баарлашыңыз, сиз андан бир нерсе үйрөнүшүңүз мүмкүн. Мурдагы ишткешкендер, классташтар менен сүйлөшүүнү азайтыңыз. Өз ишиңизде прогресс жасаңыз.
Үчүнчү: Өзүн-өзү өнүктүрүү. Тынымсыз окуңуз, дайыма өнүгүүнүн үстүндө болуңуз, мезгилден артта калбаңыз.
Төртүнчү: Ийгилик. Ийгиликсиз эч нерсе болбойт. Бирок белгилүү болгондой, ийгилик кайраттууларга жана өжөрлөргө багынып берет.
Маектешкен Семетей АМАНБЕКОВ