Еlgezit.kg ажылык сапар, анын айланасындагы окуялар тууралуу кенен айтып берет. Ажылыктан акча таап аны бизнеске айландырып алгандар кимдер экени коомчулукту кызыктырбай койбойт. Албетте, эл арасында муфтият эн таасир калтыруучу, таза жай эсептелгени менен анын айланасындагы акыркы окуялардан кийин ага ишеним жоктугу байкалууда. Ооба, мамлекет башчыга ар кандай кабар айтылып барат. Бирок, «шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» деген кыргыздын макалы эске түшөт.
Исламдын беш шартынын бешинчиси — колунда бар күчү жеткен адамдын өмүрүндө бир жолу ажылыкка баруусу. Ажылыкка белсенген адам Меккеге барып келгенге чейин үйдө калган бала-чакасын жете тургудай акча менен камсыз кылат. Мындан ашкан акча менен Мекке-и мукаррамага барып келүү мүмкүнчүлүгү бар болгон, ден соолугу чың адам өмүрүндө бир жолу ихрам кийип, Каабаи муаззаманы таваф кылуусу жана Арафат майданында туруусу фарз. (Ихрам — ажылыкта кийиле турган ак кездемеден кийим.) Эркектер жылаңбаш, аялдары башын чүмкөшүп, бутуна сандали кийишет. Зыяратчы ихрам абалына жеткенден кийин Аллага кайрылып: «мына мен сенин алдыңдамын! Сага теңдеш эч ким жок! Сенин кудуретиңе, ырайымдуулугуңа даңк!» деп, ар бир зыярат кылуучу жайга кирип бара жатканда, сөзсүз айтып турат. Зыяратчылар Кааба ташка сыйынып, кийинки күнү батыштан чыгышка карай созулган анча чоң эмес Мина жана Муздалифа өрөөндөрү аркылуу Арафат өрөөнүнө жол тартышат. Алардын бир бөлүгү зу-л-хижжанын 8инен 9уна караган түндү Мина өрөөнүндө, калгандары Арафатта өткөрүшөт. 9унда түш ченде ажылыктын негизги каадасы — Арафат тоосунун этегинде туруп, күн батканга чейин хутб угушат, сыйынышат. Күн баткан соң, жүгүрүп отуруп Муздалифа өрөөнүнө жетип, мечитте кечки жана түнкү намаз окулат. Эртеси зыяратчылар Минага келишип, ар бири Муздалифадан терип алган жети майда таш менен үч мамынын акыркысын (Мухаммед пайгамбардын жолун тоскон Ибилис деп эсептелген) урушат. Андан кийин ошол эле жердеги соодагерлер жана бедуиндерден сатып алышкан жандыктарды курмандыкка чалуу башталат. Бул күн курман айт деп аталат жана жалпы мусулмандар үчүн улуу майрам катары саналып, бардык жерде белгиленет. Зыяратчылар ажылыктын акыркы каадасы — тавафты (Каабаны айланып сыйынуу) аткаруу үчүн Мекеге жөнөшөт. Зул-хижжа айынын 11-13үндө Мина өрөөнүндө кайрадан курмандыкка чалуу улантылып, ал жердеги үч мамыны тең ташбараңга алышат. Зыярат кылуу мезгилинде соода кылууга, кан төгүүгө, жыныстык катнаш жасоого, чач, сакал-мурут алууга, парфюмерия пайдаланууга тыюу салынат. Ажылыкка барып, анын бардык расмисин аткарган адамды ажы деп аташып, жашыл селде чалынганга уруксат берилет. Мусулмандардын карым-катнашы жана идеологиялык биримдиктин бир көрүнүшү катары ажылыктын мусулман дүйнөсүндө тарыхый-маданий жана социалдык-саясий мааниси өтө зор. Бүгүнкү күндө да ажылык өзүнүн идеологиялык жана саясий маанисин сактап келүүдө.
Былтыркы жылы Covid-19 оорусу менен дүйнөнүн миллиондогон адамдары жабыркагандыгына байланыштуу Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлиги кооптуулукту алдын алуу максатында, 2020-жылы боло турган Ажылык сапары бир гана Сауд Арабияда жашаган ар кандай улуттардын каалоочуларына гана өткөрүлөөрүн жана Ажылык сапарына сырттан келүүчүлөргө пандемияга байланыштуу быйылкы Ажылык сапары болбой калган. ММКларда айтылгандай, муфтият акчаны айландыруу максатында, долларды сомго алмаштырып, «оборот кылам деп наоборот» (авт.) болду дегендей, кайра чыгымга дуушар болот.
УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий Максатбек ажы Токтомушевге карата «Хаджга» б.а. ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды.
Алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 10-февралында муфтий М.а.Т. кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин ал (чет жакка чыкпоо) тил каты менен үй камагына чыгарылган.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев бул иштер боюнча мындай дейт: «Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берилет. Иштин чоо-жайын тергөө иликтесин. Ал эми устав боюнча, азирети муфтийдин милдетин аткаруучу болуп анын орун басары иш алып барат».
Сауд Арабия Падышалыгы 2020-жылдын эсебинен Кыргызстанга ажылыкка барууга алты миң адамга квота бөлгөн.
Анын 500 квотасы ажы башчыларына, ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлдөрүнө берилип, 5500 зыяратчыдан 3350 АКШ доллары өлчөмүндө ажылык үчүн каражат топтолуп, муфтияттын банк эсебине түшкөнү көрсөтүлгөн.
Инаугурациянын алдында муфтийде пикир келишпестиктер жаралып, ал окуя Садыр Жапаровго чейин жеткенин президент КТРКга маек бергенде айтты.
«16 миллиондон 8 миллионго жакын долларын алып, сомго айлантып, киреше алуу максатында банктарга процентке салышкан экен былтыр. Пайда көргөнчө доллар 15 сомго өсүп кетиптир. Пайда көрмөк түгүл булар чыгым тартып калышыптыр. Чыгымы эле 685 миң доллардын тегерегинде. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыр август айында “бир фирмага бердик” деп, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салат. Бүгүнкү күндө да акча толук кайтарылбай турат. Ажылыкка бара тургандар акчасын сураса, жарым-жартылайы бериле элек экен».
Ал ортодо Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылыктын акчасына байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Учурдагы маалыматтарга караганда, муфтияттын банктык эсебинен “Фарватер” жана “Налоговый Представитель” деп аталган эки компания ири суммадагы акча алган.
“Биримдик” партиясы менен байланышкан компания
Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдиновдун айтымында, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2020-жылдын август айында “Налоговый Представитель” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, бул фирмага банктагы эсебинен 155 миллион сом которуп берген. Эки тарап түзгөн келишим боюнча “Налоговый Представитель” компаниясы 155 миллион сомдун үстүнө 14 миллион сом кошуп берүүгө милдеттенме алган.
«155 миллион сом 2020-жылдын август айында банктагы эсептен чыгарылган. “Налоговый Представитель” аталган сумманы уламдан-улам берип отуруп, 2021-жылдын 20-январында сумма толугу менен банкка келип түшкөн. Ал эми 155 миллион сомду алганы үчүн үстөк катары кошуп бере турган 14 миллион сом түшө элек. Бул маалыматтар банктан алынган документтер менен тастыкталган».
“Налоговый Представитель” компаниясы муфтияттан 155 миллион сомду кандай жүйө менен, эмне максатта алганы белгисиз. Юстиция министрлигинин сайтында аталган компанияга Чыныбеков Нурлан Эркиналиевич деген жаран ээлик кылары жазылган. Бул киши боюнча ачык булактарда маалымат аз.
2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого “Ата-Журт” партиясынын тизмесинен Чыныбеков Нурлан Эркиналиевич аттуу жаран талапкер катары катышкан. Бирок бул жаран менен “Налоговый Представитель” компаниясынын ээси бир адамбы же жокпу белгисиз.
Журналист Кубатбек Айбашов фейсбук баракчасына муфтияттын ишин сындап, фактылар менен ажыга сарпталган каражаттар тууралуу жазды:
Муфтиятгейт: Ажылыктан акча жеген арамбы? 170 миң доллар кайда кеткен?
Ажылыктан чогулган акчадан да миллиондор желип кетет тура. Акыркы жылдары Сауд Аравиянын Flynas авиакомпаниясы ажылыкка алып барып-келүү тендерин такай утуп келет. Ошого жараша, “туруктуу кардары” муфтиятка белгилүү бир жеңилдиктерди да берип турат. Маселен, 2019-жылы бул компания 6010дун ичинен 110 кишини ажылыкка акысыз алып барып келүү бонусун берген. А бирок, мендеги маалыматтарга ишенсек, аларга каралган сумма, тагыраагы 170 миң 500 доллар “житип” кеткен. Бул ошол кездеги курс менен алганда болжол менен 11 млн 765 миң сомду түзөт.Келиңиз, бир аз мүчөлөп түшүндүрөйүн. 2019-жылдын 27-февралында Flynas менен түзүлгөн келишимде алгач 50 акысыз орун берилсе, кийин 2019-жылдын 10-июлунда компаниянын Ажылык жана Умра боюнча коммерциялык директору Маен Хусейндин аты жазылган, муфтияттын мөөрү менен бекемделген кошумча тиркемеде кошумча дагы 60 орун берилгенин көрүүгө болот. Демек, ал жылы 110 киши ажылыкка акысыз барып келишкен. 2019-жылы Кыргызстанга 6010 орун берилип, ошончосу ажыга барып келген. Алардын ичинен 5805 адам калькуляцияда көрсөтүлгөн 3000 долларды төлөшкөн. Штаб мүчөлөрү жана ажы башчылардын саны 205 адам болгон. Алардын ичинен 95 кишинин жол киреси жалпы сумманын ичинен төлөнгөн. Ошондо Flynasка жалпысынан 5900 адамга 1550 доллардан жол кире төлөшкөн – бул 9 млн 145 миң доллар болот. 6010 квотанын ичиндеги дагы 110 адам (штаб мүчөлөрү жана ажы башчылар) авиакомпаниянын эсебинен акысыз барып келишкен. Ошол эле учурда ар бир ажылыка аттанган адамдан (5805 адам) уюштуруучулардын (205 адам) сапары жана чыгымдары үчүн деп 42 доллардан акча жыйналган, бул 243 810 доллар болот. Мындан тышкары да калькуляцияда Аравияда жүргөн чыгымдарына деп ар бир ажыга баруучу адамдан чогултулуучу бир топ каражаттар каралган. Аларды эсептесек, оо көп сумма болуп кетет. Мындан тышкары, ал жактагы чыгымдар (зам-зам суу, курмандыкка кой сатып алуу ж.б.) 2-3 эселеп кымбат көрсөтүлгөнүн ажыга барып келгендер айтып жүрүшөт, интернетти тытмаласаңар барып-келген күбөлөрдүн маалыматтары толтура чыгат. Бал ташыган бизнести айтпай эле коёюн.
Ошондо акысыз барып келген 110 адамдын авиабилет үчүн төлөнүүчү 170500 доллар кайда бараарын билбей, култ этип “бир жактарга” кирип кеткен. Бул сумманын иштелбей калганы тууралуу документтерди, же болбосо банкта “мемиреп” жатканы боюнча фактыларды муфтияттагылар карайлап эч жерден таппай жүрүшөт. Бул эгер акыйкат болсо, анда жемкордук эмей эмине? Болгондо да ыйык парздан өөнөгөн, Жараткан күбө болуп турган нерсени сиңирип жиберген арам да.
PS. Урматтуу достор, бул маалыматтарды мен зеригип отуруп, ойлоп таап жазган жокмун. Колума тийген кагаздарга таянып айтып жатам, айтып коёюн бышыктап, тастыктап отургандай мүйүздүү эмесмин ))) Анын чын-бышыгын атайын органдар териштирсин. Же болбосо, билген кызыкдар тараптар (муфтият же ушул схемаларга катышы бар адамдар дегеним) өз далилин алып чыгышсын. Аларды да талкуулайлы, талаштан тактык жаралат ))) Анан дагы, мен жалпы динди жамандап, диндарларга жалаа жабайын деген максатты көздөбөйм. Болгону КМДБны айрым кызмат адамдарынын шектүү схемаларынын желеси чулгап алганын, ал жерди тазалап, момун мусулмандардын чыныгы таянган тиреги болооруна салым кошоормун деп үмүт кылам. Айрым ачылып жаткан фактыларды муфтийге жалаа катары көрсөтүүгө аракет кылган айрым “ишмерлер менен активисттер”, силер да таза эмес экенсиңер, муфтиятты жем жеген акырга айлантып алган турбайсыңарбы. Силерге да сөз кезеги келээр, — деп жазды Айбашев.
Ажылыкты уюштурууда бир эле жалгыз муфтият эле эмес, башка да мекемеден тиешелүү адистер өткөрөт.
1. УКМК
2. ДИМК өкүл
3. Чек ара кызматы
4. Саламаттык сактоо министрлиги
5. Мамлекеттик каттоо кызматы
6. ИИМ
7. Аалымдар кеңеши
8. Борбордук текшерүү комиссиясы
9. Муфтият кызматкерлери конкурстун бардыгын өткөрүшөт. Конкурстар ачык өтөт.
Ал эми финансылык иштер боюнча, азыр текшерүү жүрүп жатат. Жыйынтыгында маалымат берилет.
Жогорудагы айтылган маселеге байланыштуу Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев минтип жооп берди: Флайнас боюнча жылына конкурс жарыяланат. КРнын авиакомпаниялары кара тизмеде экенин жакшы билесиз. Бирок КР авиакомпаниялары дагы келишет башка мамлекеттер менен келишим түзөбүз деп. Бирок документтерин өз учурунда бүтүрбөй келишет. Ажылык үчүн келишим түзүүгө КР жарандык авиациянын жетекчиси жана ДИМК жетекчилери барат. Жылына биздин КР авиакомпаниялары катышат деп САПтын ажылык министрлигине айтышат бирок натыйжа жок болуп жатпайбы. Ошондо кимде күнөө? Муфтияттабы же учактарын кара тизмеден чыгарууга кызыктар эмес КР жарандык авиациясындабы? Муфтият дагы кызыктар КР авиакомпаниялары ажыларды ташыса деген, салыктары мамлекетибизге түшсө жакшы болмок.
Флайнас Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин ажылардын ташыйт, сыймыктанып айтса болот, Флайнас бул мамлекеттерге 1 дагы орунду скидка кылбайт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Флайнас КРнын ажылыкты уюштуруу жана төлөмдөрдү өз учурунда төлөп, мыкты сапат көрсөткөндүгү үчүн сиз сөз кылган бош орундарды берген. Мындай орундарды башка мамлекетке таптакыр бербейт экен. Финансы иши боюнча азыр текшерүү жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү органдар маалымат беришет.
Жогорку Кеңештин экс-тѳрагасы Ахматбек Келдибеков: Ажыга баруу буга чейин Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы аркылуу жүргүзүлчү. Ажылыктан түшкѳн акча каражаты да ушул мекемеге түшчү. Анан бир күнү Чубак ажы аалымыбыз менен сүйлѳшүп отуруп “Баш мыйзамда Кыргызстан дин иштерине кийлигишпеген мамлекет. Ошол себептүү ажылык зыяратын уюштурууну муфтиятка ѳткѳрүп беребиз. Кыргызстан светтик ѳлкѳ болгондон кийин ажылык сапарды президенттин алдындагы мамлекеттик дин комиссиясы жетектеп жатканы мыйзамга туура келбейт. Дин менен мамлекеттин саясаты эки бѳлѳк маселе. Бул Ажылык сапарды муфтият ѳзү уюштурса, ѳзү жоопкерчилигин алса, балким коррупцияга жол берилбейт” дедим. Ал киши да колдоду. Биз бир пикирге келип ажылык сапарды уюштуруунун жоопкерчилигин муфтиятга ѳткѳрүп берүүгѳ аракет кыла баштадык. “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга Турсунбай Бакир уулу баштаган бир топ депутаттарыбыз ѳзгѳртүүлѳрдү киргизишип, бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгып кѳпчүлүк депутаттардын колдоосу менен чечим кабыл алдык. Бирок, ошол мезгилдеги ѳкмѳт башчы А.Атамбаев эле президент Р.Отунбаева экөө тең карама-каршы чыгып туруп алды. Отунбаева Ажылыкты уюштуруу иштерин муфтиятка ѳткѳрүү боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга вето коюп артка кайтарып жиберди. Биз көшөрүп, кайра кайталап, парламенттин колдоосу менен мыйзамды кабыл алдык. Ошого карабай Отунбаева анда да кол койбой 15 күндѳн кийин Жогорку Кеңештин тѳрагасы катары жоопкерчиликти моюнума алып мен кол койгом. Бул биз үчүн абдан маанилүү маселе эле. Анткени, ага чейин 2010-жылы ач көз чиновниктердин айынан ошол ажылыкты уюштурууда Кыргызстан бүткүл дүйнөгө шерменде болгон. Алардын айынан ажылыкка барчу мусулмандар гана эмес, жалпы мамлекетибиздин беделине доо кеткен. Ошондой эле Жогорку Кеңештин ажылык сапар тууралуу кабыл алган токтому акыркы жыйырма жыл ичинде чечкиндүүлүк менен кабыл алынган чоң деңгээлдеги токтом болгонун бүгүн эч ким тана албайт. Мындан кѳп ѳтпѳй эле “Муфтият бизди укпады. Ажылык сапарды уюштурууда Чубак ажы бир катар мыйзам бузуучулукка жол берди” деп ал кишиге кылмыш ишин козгоду. Бирок, андан бир дагы кылмыш бузган нерсени таба алышкан жок. Тескерисинче, Чубак ажы Жалилов ажылыкты коштогон аалымдарга айлык акы коюп берип, муфтиятта иштегендерге бирдей форма тиктирип, ар кандай иш чараларды, конференцияларды ѳткѳрүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баарын ѳз-ѳз ордуна коюп, мурда ызы-чуу жаратып келген ажылык сапарды тартипке салып койду. Бийлик аалымыбызды канчалык куугунтукка алып, жасалма иш козгогону менен мыйзамды бузган бир илинчек табалышкан жок. Бул тууралуу “Ѳкмѳт, бийлик ажылык сапарды уюштурганы үчүн мамлекетке эч кандай салык тѳлѳгѳнгѳ милдеттүү эмес” деп ѳз пикиримди билдирдим. Мындан кѳп ѳтпѳй мени да Жогорку Кеңештин тѳрагалыгынан кетиришти.
Өзбекстанда согуш ардагерлерине 500 доллардан сыйлык акы берип, ажыга бекер алып барат
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеевдин жаңы жарлыгына ылайык, өлкөдөгү согуш ардагерлерине акысыз ажылык сапарга баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Абдулла Арипов билдирген.
Өкмөттүн маалыматында, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары эгер ажылык сапарга же умра сапарына барууну кааласа, анда алар кезексиз түрдө мамлекет тарабынан жөнөтүлөт. Жол чыгымы жана башка чыгымдар өкмөттүн казынасынан төлөнөт. Ошондой эле, бул жылы Өзбекстан согуш ардагерлерине 500 доллардан сыйлык акы берет жана 9-майдагы иш-чараларга катыша турган ардагерлердин кийим-кечектерин жергиликтүү бийлик өзү алып бермей болгон. Өзбекстанда деле согуш арадагерлери аз эле калса керек. Анын үстүнө алардын эң жашы 90дон өтүштү. Андыктан тирүү ардагерлердин дээрлик баары тең эле ажыга бара албаса керек. Өзбек Президентти бул жагын да эске алды да. Ардагерлерге анчалык кам көрүүнү мурунтан баштоо керек эле. Ошондой болсо, өзбек президенти мындай чечимдери менен калк арасындагы кадырын көтөрүүдө.
Муфтияттын тарыхына баш баксак, 2010-жылы апрель окуяларынын маалында ошол кездеги муфтий Муратаалы ажы Жумановду белгисиз адамдар уурдап, коркутуп-үркүтүп, ири суммада акча талап кылышканы маалым болгон. Ал мындан көп өтпөй каза тапкан.
Жуманов өз каалоосу менен арыз жазып бергенден кийин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп кыска мөнөткө Абдышүкүр ажы Нарматов, Сүйүн ажы Кулуев турса, андан соң талаштуу жол менен келген Руслан ажы Жумагулов бир канча ай башкарган. Жумагуловдон кийин муфтиятты 2010-2012-жылдары башкарган маркум Чубак ажы Жалилов басымдан улам өз арызы менен мөөнөтүнөн эрте кызматтан кеткен. Жалиловдун тушунда муфтиятта реформалар, ажылык иштерин уюштуруудагы ачык-айкындуулук иштери жүргөн.
Кандай жагдай болсо да акыры ажылык сапар уланып, акча салгандар ажыга барат деген ишеничтебиз.
Муфтият болсо мурдагыдай ачык-айкын, тазалыкты туу туткан, адилеттиктин символуна айланса деген тилек кылмакчыбыз. Бирок, муфтияттагы ажылык сапардан келип турган акчалар дагы да муфтийлерди кызмат ордунан алып түшпөйбү деген суроо жаралат…
Даярдаган Жазгүл Урмамбетова
Айрым сандар Азаттык жана Фейсбуктан, сүрөт интернеттен алынды
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.