Маркум Жамал Сейдакматова акыркы сапарга узатылууда

Окуялар тизмеги 17 Фев 2021 10:54
0 ой-пикир

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Маркум Жамал Сейдакматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Жамал Сейдакматова 2021-жылдын 16-февралында 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жараткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.