Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 15-февралда Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкеринин (А.А.) жана анын шеригинин үйүн, иштеген жерин тинтүүгө алды.
Атайын кызмат иш Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен иликтенип жатканын кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, былтыр ноябрдын аягында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери (А.А.) Чүйдүн Аламүдүн районунун тургунун (П.А.) 19 кутуча «гашиш» баңгизаты менен кармаган.
Милиция кызматкери (А.А.) шектүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн ири суммадагы акча талап кылган жана бир бөлүгүн буга чейин алган. Ал эми баңгизатты өзү алып калган.
Сүрөт интернеттен алынды