“Кыргызалтындын” төрагасы пара менен кармалды

Окуялар тизмеги 13 Фев 2021 13:04
0 ой-пикир

Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча “Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын Төрагасы кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, УКМК ККК “Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын Төрагасы “У.Э.А.” тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды.

“Аталган «У.Э.А.» алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган.
2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда “У.Э.А.” кармалды. Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “Кыргызалтындын” жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө-, – деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде “У.Э.А.” Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.